Ош шаарында жана Ош облусунун аймагында жаратылыш газын берүү бир күнгө токтотулат. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” ишканасынын “Ошгаз” филиалы билдирди.
Маалыматка караганда, жаратылыш газы 20-июнь күнү саат 8:00дөн 17:00гө чейин өчүрүлөт. Ишкана газ берүү оңдоо иштерине байланыштуу токтотуларын белгиледи.