"Ош облусундагы Кара-Суу шаарында Юбилейлик деп аталган кичи район бар. Бул аймактагы элдин жылдап-жылдап чечилбей келе жаткан көйгөйү бар", - деп окурман "Элдик кабар" рубрикасына билдирди.
Анын айтымында, аталган аймакта көп кабаттуу 6 үй, ар биринде 48 батир бар. Бирок даараткана бирөө гана.
"Ошондо 288 үй-бүлө болуп жатат. Баарына жалгыз ажаткана болмок беле, албетте, болбойт. Андагы жытка адам чыдабайт, шамал болгондо бүтүндөй аймакты каптап кетет. Жашоочулар бир нече жолу мэрияга кайрылганыбыз менен майнап чыккан жок, ушул көйгөйдөн улам кварталдык комитеттер да турбай, жумушунан баш тартышат. Буга чейин Кара-Сууда даараткана урап кеткен окуя катталган, бул жолу да ошол окуя кайталанбасын десек, алдын алуу зарыл.
Мындан тышкары жалпы тургундар бир эле кран аркылуу суу алат. Ал крандын сууну бурап өчүргөн жери жок, суу агып тура берип, кээде аймакты каптайт. Даараткана чөгүп баратат, суу кирип кетеби деп чочулайбыз. Ушундай көйгөйлөрдү чечүүгө кварталдык комитеттердин күчү жеткен жок. Маселени чечүүнү мэрия уюштурса эл да колдойт эле", - деп жазган окурман.
Ошондой эле ал ажаткананын абалы өтө начар экенин, тазалык тууралуу сөз кылууга да болбой турганын кошумчалаган.
"Бала-чакалуу үй-бүлөлөр көп, ыплас дааратканага аларды түнү алып баруу кыйын. Мындан улам ар бир үй-бүлө желимден "чыгындыларды" топтогон "ажаткана" сатып алган. Күндүз ошону төгүүгө кирип чыкканча да жыты сиңип, сааттап сасып жүрөсүң", - деген ал билдирүүсүндө.
Айтымында, Союз мезгилинде бул үйлөрдүн ар бири борбордук канализацияга кошулган. Ал кезде бардык батирден суу чыгып, мындай маселелер болгон эмес.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.