Быйыл Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына, “Ирада” балдар үйүнүн тарбиялануучуларына жана мектепти жакшы көрсөткүчтөр менен аяктаган окуучуларга жайкы эс алуу уюштурулат. Бул тууралуу шаардын биринчи вице-мэри Көлбай Карасартов билдирди. Маалыматка таянсак, быйыл жалпысынан жергиликтүү бюджеттин эсебинен 200 миң сом каралып, ал каражатка 50 бала эс алуусу каралган.