Токтогул районунда өлкө казынасына ири өлчөмдө зыян тийгизген коррупциялык схеманын бети ачылды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, административдик мыйзам бузуунун негизинде төлөнүүчү айып пулдар өлкө казынасына түшкөн эмес. "Токтогул районундагы "Кыргыз почтасы" ишканасынын жана Жол коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмүнүн кызматкерлери биригип алып, административдик мыйзам бузуу катталган төрт миңдей протоколду жашырышкан. Текшерүүнүн жыйынтыгында түзүлгөн протоколдун негизинде төлөнгөн айып пулдар кассага келип түшпөгөндүгү аныкталган. Мындан улам өлкө казынасы 1 миллион 548 миң 400 сомго зыян тарткан", - деп жазылат билдирүүдө.
Токтогул райондук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 171-беренеси (ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу) жана 316-беренеси (шалаакылык) менен кылмыш ишин козгогон. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.