Бүгүн, 18-июнда Баткен районунун Рават айылында жааган жаандын кесепетинен сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, сел бүгүн саат 17:00 чамаларында жүрдү. 10-15 үйдүн короолорун жана ички чарбалык жолдорду каптаган. Жеринде тактоо иштерин жүргүзүү үчүн жарандык коргонуу комиссиясы жөнөп кетти.