Гарри Кейн акыркы мүнөттө 2-голун киргизип Англияга жеңиш алып келди

Бүгүн, 18-июнда футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун "G" тайпасынын оюндарынын алкагында Тунис менен Англия курама командаларынын беттеши өтөт. "Волгоград Арена" стадионунда орун алып жаткан беттеш бир нече мүнөттөн кийин башталат.

23:50. Тунис курама командасынын тизмеси:

  • Дарбазачы: Муэ Ассен ("Шатору", Франция);
  • Коргоочулар: Дилан Бронн ("Гент", Бельгия), Сиам Бен-Юссеф ("Касымпаша", Түркия), Яссин Мерия ("Сфаксьен"), Али Маалул ("Аль-Ахли", Египет);
  • Жарым коргоочулар: Элье Скири ("Монпелье", Франция), Гилан Шалали ("Эсперанс"), Ахмед Халил ("Африкэн"),
  • Чабуулчулар: Фахреддин Бен-Юссеф ("Аль-Иттифак", Сауд Арабиясы), Вахби Хазри ("Ренн"), Анис Бадри ("Эсперанс"), Наим Слити;

23:52. Англия курама командасынын тизмеси:

  • Дарбазачы: Жордан Пикфорд ("Эвертон";
  • Коргоочулар: Киран Триппьер ("Тоттенхэм"), Харри Магуайер ("Лестер"), Жон Стоунс, Кайл Уолкер ("Манчестер Сити"),
  • Жарым коргоочулар: Жордан Хендерсон ("Ливерпуль"), Деле Алли("Тоттенхэм"), Жессе Лингард, Эшли Янг ("Манчестер Юнайтед");
  • Чабуулчулар: Рахим Стерлинг ("Манчестер Сити"), Гарри Кейн ("Тоттенхэм"),

23:57. Оюнчулар талаа үстүнө чыгып, алгач Тунистин, андан соң Англиянын гимни жаңырды.

00:00. Беттеш старт алды. Топту оюнга англиялыктар кошту.

00:02. Алгачкы мүнөттөрдөн эле англиялыктар кооптуу абал жаратууда.

00:04 Хендерсон мыкты сокку менен айырмаланды. Анын күчтүү соккусуна дарбазачы үлгүрүп, кайтара алды.

00:05. Тунис курамасынын дарбазачысы жаракат алып калды. Беттешти уланта алат болду бекен?

00:06. Ассен оюнду улантууга даяр. Дарбазачы жеңил жаракат эле алып калды.

00:10. Г-о-о-л! Харри Кейн эсепти ачты. 1:0. Бурчтан көтөрүлгөн топту Стоунз дарбазага багыттаган, Ассен анын соккусун Кейнге кайтарган. Кейн дароо сокку узатып гол киргизгенге үлгүрдү.

00:12. Ассен кайрадан талаа үстүндө жатат. Оюнду уланта албай калды окшойт.

00:13. Ассен оюн талаасынан кетти. Анын ордуна Фарку Бен-Мустафа чыгат.

00:14. Оюн жаңы эле башталганы менен, Муэ Ассен 2 жолу дарбазасын сактап калууга үлгүрдү.

00:17. Триппьер оң канаттан айып аянтчага пас жасаган. Коргоочулар кайтарганга жетишип, Хендерсон топко ээлик кылып сокку узатканга үлгүрдү. Алыскы аралыктан аткарылган соккусун дарбазачы тосуп алды.

00:21. Тунис курамасы коргонууда дагы ойноп, чабуул менен дагы жооп кайтарганга жетишүүдө. Бирок чабуулдары ийгиликсиз.

00:23. Лингард айып аянтчага көтөрүлгөн топту тосуп сокку узатты. Сокку таамай болгон жок.

00:26. Магуайер катачылыкка жол берди. Ал өзүнүн жарым бөлүгүндө атаандашына топту алдырып жиберген соң тунистиктер кооптуу чабуул аткарды. Чабуулдун жыйынтыгы ийгиликсиз.

00:28. Дилан Бронн колу менен ойногону үчүн калыс беттешти токтотту. Англиялыктар айып сокку аткарат.

00:30. Магуайер 11 метрлик чийинден сокку узатканга жетишти. Анын таамай соккусун Фарук Бен-Мустафа тосуп алды.

00:32. Тунис курамасы пенальти аткарат. Кайл Уокер атаандашын бетке чаап алганы үчүн Вильмар Рольдан 11 метрлик чийинди көрсөттү. Уокер сары кагаз менен белгиленди.

00:34. Го-о-о-л! Эсеп 1:1. Ферджани Сасси пенальтини сыкты аткарып эсеп санын тең кылды.

00:37. Сиам Бен-Юссеф Стерлингди жыгылтып, Англия курамы айып сокку аткарат.

00:40. Кайрадан тунистиктер эреже бузду. Англиялыктар жакшы мүмкүнчүлүккө ээ.

00:42. Лингард жакшы мүмкүнчүлүккө ээ болду. Айып аянтчада кароосуз калып дарбазага сокку узатты. Бирок топ коргоочуга тийип кетип, англиялыктар топту бурчтан чыгарат.

00:44. Лингард кооптуу абал жаратты. Анын дарбазага узаткан соккусу таякчага тийип калды.

00:45. 1-таймга 3 мүнөт кошулат. Билинбей эле 1-тайм соңуна келди.

00:48. Калыстын ышкырыгы жаңырып, 1-тайм соңуна жетти.

01:03. Калыс 2-таймга старт берди.

01:08. Беттештин 50-мүнөтү артта калды. Соккулар боюнча статистикада англиялыктар 12:4 эсепи менен алдыда.

01:11. Вахби Хазри кооптуу абал жаратканга аракет жасаган. Дарбазачы менен бетме-бет келген учурда калыстын ышкырыгы жаңырды. Офсайд.

01:17. Англиялыктар топту өз карамагына көп убакыттан бери кармап жатышат. Жалпы топко ээлик кылуу боюнча Англия курамасы 56 пайызга ээ.

01:23. Оюндун ылдамдыгы төмөндөп калган кезде күйөрмандар стадиондо толкунду жасоодо.

01:25. Яссин Мерия топко жетүү аракетин көрүп жатып атаандашын бутка тээп алды. Англиялыктар айып сокку узатат.

01:26. Англиялыктарда алмаштыруу Маркус Рэшфорд Рахим Стерлингдин ордуна чыгат.

01:27. Киран Триппьер айып соккуну жакшы аткарды. Бирок таамай болбой топ дарбазанын жанынан өтүп кетти.

01:29. Көп убактыттан бери тунистик футболчулар чабуулга чыга элек. Тунистин оюнчулары англиялыктардын кысымынан чыга албай жаткан кези.

01:31. Кезектеги алмаштыруу. Тунис курамасында Наим Слитинин ордуна Мохамед Бен-Амор оюн талаасына чыгат.

01:35. Тунис курамасынын оюнчусу атаандашына каршы орой оюн көрсөтүүдө. Англиялыктар 25 метрден айып сокку узатышат.

01:37. Айып соккуну Эшли Янг аткарып, анын соккусу таамай болгон жок.

01:38. Деле Алли оюн талаасынан кетти, анын ордуна Рубен Лофтус-Чик чыгат.

01:41. Фарук Бен-Мустафа талаа үстүндө медициналык жардам алууда. Оюнду уланта алат болуш керек.

01:43. Вахби Хазри оюн талаасынан кетти, анын ордунда Сабер Халифа ойнойт.

01:48. Беттештин негизги убактысы жыйынтыкталып, калыс 4 мүнөт кошуп берди.

01:49. Го-о-о-л!!! Эсеп 1:2. Бурчтан көтөрүлгөн топту Гарри Кейн дарбазага багыттап 2-голун киргизе алды.

01:50. Бул беттештеги акыркы алмаштыруу. Жесси Лингарддын ордуна Эрик Дайер чыкты.

01:52. Калыстын беттеши жаңырып беттеш аяктады. Англия Тунистин үстүнөн жеңишке жетип 3 упайга ээ болду.

Гарри Кейн акыркы мүнөттө 2-голун киргизип Англияга жеңиш алып келди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Dembele84
2018-06-19 02:54:32
Англия да позордон акыркы минутта кутулуп кетти.Бул Россиядагы ЧМ башында эле сенсациялар менен башталды го,дагы кандай кызык нерселер болот экен эми алдыда .....
+3
Altyn2017
2018-06-19 04:41:17
Салам Супер эмнеге калыстар тууралуу маалымат жазбайсынар ар бир оюнду кайсыл калыс алып барып атат эл билип туруш керекда.
+1
admin_superstan
2018-06-19 09:59:20
Altyn2017,
Саламатсызбы? Сунушуңузду эске алабыз, рахмат.
0
eshaliev86
2018-06-19 07:30:28
Пенальтини сыкты аткарыптыр
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан