Райондор аралык сотторду жоюу боюнча мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууга эксперттик жумушчу топ түзүлдү

Район аралык сотту жоюп, анын функцияларын райондук сотторго өткөрүп берүү механизмдерин караган мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча эки эксперттик жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындан тышкары эксперттик жумушчу топ кылмыш кылган адамдарды жоопкерчиликке тартуу мөөнөтү эскирген учурда алар тийгизген зыяндын ордун толтуруунун механизмдерин иштеп чыгат. Бул эксперттик жумушчу топ президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басарынын буйругу менен түзүлдү. Топтун жыйындарын чукул арада өткөрүү болжолдонууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ady-88
2018-06-19 14:34:58
Сооронбай Жээнбеков азамат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан