Ушул жылдын май айында ундун орточо баасы апрель айына караганда 4 пайызга төмөндөгөн. Ал эми өлкө боюнча ундун учурдагы баасы былтыркы жылга салыштырмалуу 3,8 пайызга жогору болууда. Мындан улам нандын баасы шаарга караганда айыл жерлеринде кымбат. Маалыматка ылайык, сүттүн баасы былтыркыдан 8 пайызга төмөндөгөн. Мындай маалыматтар БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын иликтөөсүндө белгилүү болду.