Мындай абал министриликке жүргүзүлгөн аудиттин соңунда белгилүү болгон.
"Бул каражаттын ичинен 4 миллион 600 миң сом уурулуктан жоголгон болсо, 36 миллион 300 миң сом эмгек акыны негизсиз төлөгөндөн улам келип чыккан. Мекеменин бюджетине материалдык баалуулуктарды жана акча каражатын негизсиз эсептен чыгаруудан улам 1 миллион 700 миң сом зыян келтирилген. Казына системинен 7 миллион 500 миң сом чыгарылган болсо, курулуш, оңдоп-түзөө иштерине төлөнгөн сумманы ашыкча жазуудан 4 миллион сом зыян келген. Бюджеттик жана атайын эсептеги каражаттарды максатсыз пайдалануудан 7 миллион 200 миң сом, дебитордук карызды жашыруудан жана кредиттик карызды көбөйтүп жаздырууудан 51 миллион сом, салык төлөө мыйзамынын бузулушунан 1 миллион сом, ижара төлөө тартиптеринин сакталбагандыгынан 800 миң сом мыйзамсыз коротулганы белгилүү болгон", - деп жазылат маалыматта.
Бул сумманын ичинен 81 миллион 400 миң сом кайра кайтарылат. Буга чейин 17 миллион 300 миң сом кайра мекемеге төлөнгөн. Бул мыйзам бузуулар боюнча министрликтин өзүнө кетирилген кемчиликтерди жоюу боюнча эскертүү берилген.
Мындан тышкары аудиттин жыйынтыгы Жогорку Кеңешке, президенттик аппаратка, өкмөткө, Каржы министрилигине жана бир катар тиешелүү тараптарга жөнөтүлгөн.