Бүгүн, 19-июнда Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун алкагындагы "Н" тайпасында Польша-Сенегал беттеши орун алат. Бул беттеш менен Дүйнө биринчилигинин 1-туру жыйынтыкталмакчы. Аталган беттеш Москва шаарындагы "Спартак" стадионунда бир нече мүнөттөн кийин старт алат. Бул беттештин башкы калысы Наваф Шукралла (Бахрейн) болмокчу.
20:50. Польша курамасынын тизмеси:
20:53. Сенегал курамасынын тизмеси:
20:55. Командалар оюн талаасына чыгып, алгач Польшанын гимни жаңырды.
20:57. Сенегалдын гимни жаңырды. Командалар беттешти баштоого даяр.
21:01. Наваф Шукралланын ышкырыгы жаңырып, 1-турдун акыркы беттеши старт алды.
21:03. Лукаш Пишчек чабуулду курчутканга аракет көрдү. Бирок коргоочулар топто биринчи болушту.
21:06. Гросицкий айып аянтчага чыгаруу жасаганга жетишти. Бирок польшалыктар топко алгачкылардан болуп жете алган жок.
21:07. Сенегалдык футболчулар биринчилерден болуп топту бурчтан көтөрүшөт.
21:08. Исмаила Сарр бурчтан көтөрүү жасап, бирок чыгарып бергени менен өнөктөштөрүн таба алган жок.
21:12. Гжегож Крыховяк оюн эрежесин бузуп, сары айып кагазын алды. Сенегалдыктар айып сокку аткарат.
21:14. Айып соккуну Салиф Сане аткарды. Анын соккусу таамай болгон жок.
21:16. Польша командасы чабуулду баштоо аракетинде учурда талаанын орто бөлүгүндө оюн жүргүзүүдө.
21:18. Кулибали чабуулду курчутууга аракет жасаган. Бирок анын чыгарып берүүсү таамай болбой, топ өнөктөшүнө чейин жеткен жок.
21:19. М'Байе Ньянг жакшы мүмкүнчүлүктү колдоно албай калды. Айып аянтчадан кароосуз калып сокку узатканга жетишти. Топ дарбазадан бир аз алыс өтүп кетти.
21:20. Пётр Зелиньски алыскы аралыктан сокку узатты. Пётр таамай боло албай калды, топ дарбазадан жогору өттү.
21:22. 20 мүнөттүк тирештин жүрүшүндө польшалыктар 65 пайыз топко ээлик кылууда.
21:24. Роберт Левандовски сокку узатканга үлгүрдү. Бирок польшалык футболчунун соккусу таамай болгон жок.
21:27. Сенегалдык оюнчу Гросицкийди жыгылтып эреже бузду. Калыс аны байкаганга үлгүрдү.
21.32. Эки команданын тең чабуулдары ийгиликсиз болууда. 30 мүнөттүн жыйынтыгында польшалыктар топко 61 пайыз ээлик кылды.
21:37. Сенегалдык футболчу оюн талаасында жатат. Ал жаракат алып калгандай көрүнөт.
21:38. Го-о-о-л!. Эсеп саны 0:1. Автогол Польшанын дарбазасына кирди. Тьяго Рангель Ционек өз дарбазасына киргизгенге үлгүрдү.
21:42. Сане бурчтан чыгарылган топту дарбазага багыттаганга аракет көрдү. Башы менен узаткан топ жерден секирип дарбазаны ашып өттү.
21:45. Крыховяк оюн эрежесин бузуп, сенегалдык футболчуларга кооптуу айып сокку узатканга мүмкүнчүлүк түзүп берди.
21:47. 1-таймдын негизги убактысы соңуна жетти. Наваф Шукралла 2 мүнөт убакыт кошуп берди.
21:49. Калыстын ышкырыгы жаңырып, 1-тайм аягына жетти. Командалар тыныгууга кетишти.
22:05. 2-тайм старт алды. Тыныгуудан кийин Польша курамасында алмаштыруу орун алды. Якуб Блашчиковскинин ордуна Ян Беднарек оюн талаасына чыкты.
22:06. Польшанын айып аянтчасында Беднарек менен сенегалдык футболчу кагышып, Беднарек жаракат алып калгандай көрүнөт.
22:08. Левандовски ылдамдык менен чабуулга чыккан. Бирок аны Сане жыгылтып эреже бузууга үлгүрдү. Сане сары айып кагазга ээ болду.
22:09. Левандовски айып соккуну өзү аткарды. Анын соккусу таамай болгону менен, Хадим Н'Диайе секирип топту кайтара алды.
22:11. Садио Мане айып аянтчанын ичинен сокку узатканга үлгүрдү. Анын кубаттуу соккусу коргоочуларга тийип, оюн талаасынан чыгып кетти.
22:14. Калыстын ышкырыгы жаңырып Польшанын чабуулу токтотулду. Левандовски эреже бузду.
22:15. Пищек атаандашынын айып аянтчасында кароосуз калып дарбазага сокку узатты. Бирок Лукаш Пищектин соккусу таамай болгон жок.
22:20. Го-о-л! Эсеп 0:2. Войцех Щенсный катачылык кетирип, М'Байе Ньянгга гол киргизгенге жол түзүп берди.
22:21. Сенегалдын курамасында алмаштыруу. Мам Диуфтун ордуна Шейх Н'Дойе чыкты.
22:25. Лукаш Пишчек дарбазага кубаттуу сокку узатты. Бирок анын соккусун коргоочулар кайтара алышты
22:29. Аркадиуш Милик жакшы мүмкүнчүлүк менен колдоно албай калды. Дарбазадан 2 метр алыс аралыктан узаткан соккусу таамай болгон жок.
22:31. Идрисса Гуйе орой оюну менен айырмаланып сары айып кагазы менен белгиленди.
22:32. Аркадиуш Милик оюн талаасынан кетти. Анын ордуна Давид Ковнацки оюнга кошулат.
22:34. 2-голдун ээси оюн талаасынан кетет. М'Байе Ньянгдин ордуна Мусса Конате чыгат.
22:37. Давид Ковнацки 11 метрлик чийинден сокку узатканга үлгүрдү. Соккусу таамай болгону менен, дарбазачы мыктыраак болуп эсеп санын өзгөртүүгө жол берген жок.
22:42. Польша курамасында алмаштыруу Бартош Берешинский Лукаш Пишчектин ордуна чыгат.
22:45. Сенегалдыктар эреже бузуп, польшалыктарга кооптуу айып сокку аткарууга мүмкүнчүлүк берди.
22:46. Го-о-о-л! Эсеп 1:2. Гжегож Крыховяк айырмаланып эсеп аралыгын жакындатты.
22:47. Сенегал курамасында оюнчулар алмаштырылды. Альфред Н'Диайенин ордуна Шейх Куяте чыкты.
22:49. Садио Мане чабуулду курчутуу аракети орундалган жок. Сенегалдыктар топту бурчтан көтөрөт.
22:50. Беттештин негизги убактысы соңуна жетти. Калыс 4 мүнөт кошуп берди.
22:54. Калыстын ышкырыгы жаңырып беттеш аяктады. Сенегал мыкты оюн көрсөтүп 2:1 эсеби менен жеңишти камсыздады.