Орусия Салахтын ойногонуна карабай Египетти ири эсепте утту

20-июнга караган түнү Орусиянын Санкт-Петербург шаарында футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тайпалык баскычынын 2-туру старт алат. Анда "Санкт-Петербург" стадионунда "А" тайпасындагы Орусия менен Египет курама командаларынын беттеши орун алат. Аталган беттеш бир нече мүнөттөн кийин старт алмакчы. Беттештин башкы калысы парагвайлык Энрике Касерес болот.

23:50. Орусия курама командасынын тизмеси:

  • Дарбазачы: Игорь Акинфеев ("ЦСКА", Москва)
  • Коргоочулар: Марио Фернандес, Сергей Игнашевич ("ЦСКА", Москва), Илья Кутепов ("Спартак", Москва).
  • Жарым коргоочулар: Александр Головин ("ЦСКА", Москва), Александр Самедов, Роман Зобнин ("Спартак", Москва), Юрий Жирков ("Зенит", Санкт-Петербург), Денис Черышев ("Вильярреал", Испания), Юрий Газинский ("Краснодар").
  • Чабуулчулар: Артем Дзюба ("Арсенал", Тула).
  • Башкы машыктыруучу: Станислав Черчесов (Орусия).

23:53. Египет курама командасынын тизмеси:

  • Дарбазачылар: Ахмед Эль-Шенави ("Аль-Ахли").
  • Коргоочулар: Ахмед Фатхи ("Аль-Ахли"), Мохамед Абдель-Шафи ("Аль-Фатех", Сауд Арабиясы), Ахмед Хегази, Али Габр ("Вест Бромвич", Англия)
  • Жарым коргоочулар: Мохамед Эль-Ненни ("Арсенал", Англия), Абдалла Саид ("КУПС", Финляндия), Махмуд Хассан Трезеге ("Касымпаша", Түркия), Тарек Хамед ("Замалек", Египет);
  • Чабуулчулар: Мохамед Салах ("Ливерпуль", Англия), Маруан Мохсен ("Аль-Ахли", Сауд Арабиясы);

23:54. Командалар оюн талаасына чыгып, алгач Египеттин гимни жаңырды.

23:56. Орусиянын мамлекеттик гимни жаңырып, футболчулар беттешти баштаганга даяр.

00:00. Калыстын ышкырыгы жаңырып тайпалык баскычтын 2-туру старт алды.

00:02. Артем Дзюба жакшы мүмкүнчүлүк колдоно албай калды. Головиндин айып аянтча жасаган чыгарып берүүсүнө Дзюба жетишпей калды.

00:05. Александр Головин алыскы аралыктан сокку узатты, бирок таамай эмес. Топ дарбазанын жанынан өтүп кетти.

00:09. Орусия курамасы алгачкы мүнөттөрдөн чабуулга чыгып бир нече кооптуу соккуларды жасаганга үлгүргөнү менен, эсеп саны 0:0 бойдон калууда.

00:12. Дзюба чабуулдан эреже бузду. Топ Египет курама командасында.

00:15. Трезеге мыкты сокку аткарганга жетишти. Айып аянтчадан сырткары узаткан соккусу дарбазадан 1 метр алыстыкка жетпеген аралыкта өтүп кетти.

00:16. Трезеге эреже бузганга үлгүрдү. Орусия айып сокку аткарат.

00:17. Орусиялыктар дагы бир айып сокку узатканга мүмкүнчүлүк алды. Аны Головин аткарат.

00:18. Александр Самедов айып аянтчадан сырткары жакшы сокку узатты. Бирок таамай боло алган жок. Топ дарбазадан жогору өтүп кетти.

00:21. Дзюба кооптуу абал жаратты. Газинскийдин айып аянтчага чыгарып берген тобуна жетпей калды. Эгерде Дзюба топко жетсе эсеп саны алмашмак.

00:23. Юрий Газинский алыстан сокку узатты. Бирок ал таамай болгон жок.

00:25. Трезегенин соккусу таамай болбой калды. Азырынча эки команданын тең аракеттери ийгиликсиз болууда.

00:28 Александр Головин атаандашынын айып аянтчасына топту чыгарып берген, бирок өнүктөштөрү топко жетишкен жок.

00:30. Жарым сааттын жыйынтыгында топко ээлик кылуу боюнча Орусия курамасы 52 пайыз менен алдыда келе жатат.

00:33. Орусиянын дарбазасында кооптуу абал орун алды. Жирков Салахтын курч чабуулун жокко чыгарды.

00:35. 67 миң көрүүчү баткан стадионунда бут койгонго жер жок болгондой көрүнүш орун алууда. Орусия курамасынын күйөрмандары стадиондо абдан көп.

00:38. Денис Черышев кайрадан топту атаандашынын айып аянтчасына көтөрүп берүүгө аракет жасаган. Бирок топту коргоочу кайтара алды. Орусиялыктар топту бурчтан көтөрөт.

00:41. Мохамед Салах орусиялыктарды тынсыздандырды. Орусиянын айып аянтчасында пас кабыл алып, күтүлбөгөн жерден сокку узатты. Бирок ал таамай болгон жок.

00:45. 1-таймдын убактысы соңуна жетип, калыс кошумча убакыт берген жок. Командалар тыныгууга кетишти.

01:01. Калыс 2-таймга старт берди. Тыныгуудан кийин курамаларда алмашуу орун алган жок.

01:02. Го-о-о-л! Автогол орун алды. Эсеп 1:0. Орусия алдыга чыкты. Ахмед Фатхи өз дарбазасына гол киргизди.

01:05. "Санкт-Петербург" стадионунда учурда 64 миң 468 көрүүчү күйөрмандык кылып жатат.

01:07. Юрий Жирков айып аянтчага топту көтөрүп берген, бирок топко алгач коргоочулар жетип орусиялыктар топту бурчтан чыгарууга мүмкүнчүлүк алды.

01:08. Самедовдун бурчтан көтөрүп берген тобун коргоочулар кайрадан талаадан сырткары чыгарды. Катары менен 2-жолу орусиялыктар топту бурчтан чыгарышат.

01:12 Трезеге эреже бузуп сары айып кагазын алды.

01:14. Го-о-о-л! Эсеп 2:0. Денис Черышев атаандашынын айып аянтчасында таамай сокку узатып Эль-Шенавиге тосуп алууга мүмкүнчүлүк калтырган жок.

01:17. Го-о-о-о-л!. Артем Дзюба айып аянтчанын сыртынан сокку узатып эсеп санын өзгөрттү. Эль-Шенави топту тосконго үлгүрбөй калды.

01:20. Египет курамасында алмаштыруу. Амр Варда Варда Мохамед Эль-Неннинин ордуна чыгат.

01:23. Египеттик оюнчулар дагы атаандашынын бөлүгүндө кооптуу абал жаратууда. Трезеге Салахтын чыгарып берүүсүнөн кийин кубаттуу сокку узаткан. Бирок топ дарбазанын жанынан гана өтүп кетти.

01:27 Коргоочу Мохаммед Салахты айып аянтчасында жыгылтканы үчүн калыс 11 метрлик чийинге көрсөттү. Пенальти орун алат.

01:29. Го-о-о-л! Салах пенальтини мыкты аткарып эсепти 3:1 кылды. Беттештин аягына чейин дагы 15 мүнөт убакыт бар.

01:31. Денис Черышев оюн талаасынан кетти. Анын оруна Далер Кузяев чыкты.

01:34. Станислав Черчесов дагы бир алмаштыруу чечимин кабыл алды. Артем Дзюбанын ордуна Федор Смолов чыгат.

01:37. Египет курамасында дагы алмашуу орун алды Марван Мохсенжин ордуна оюн талаасына Кахраба чыкты.

01:39. Федор Смолов атаандашын футболкасынан кармаганы үчүн сары айып кагазына ээ болду.

01:41. Орусиялыктарда акыркы алмаштыруу. Фёдор Кудряшов оюн талаасына Юрий Жирковдун ордуна чыгат.

01:46. Беттештин негизги убактысы соңуна жетти. Башкы калыс 4 мүнөт убакыт кошуп берди.

01:48. Египет курама командасынын жасаган аракеттери ийгиликтүү болгон жок.

01:50. Калыстын ышкырыгы жаңырып Орусия курама командасы жеңишти камсыздады. Муну менен Орусия курамасы алдын ала кийин плей-офф баскычына өтө алды.

Футбол: Орусия-Египет
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (56)
Alixan-Nookat.2015
2018-06-20 01:51:52
Оюн бүттү бирок Россияга чемпион болууга шанс жок
-10
anonymous
2018-06-20 01:55:48
ХХХХХХХХХ Плей оффто учканда майрамдайбыз
-12
kilim
2018-06-20 01:57:22
Египет биринчилерден болуп уйуно кетип атат
+8
anonymous
2018-06-20 02:10:44
ХХХХХХХХ 32 жыл мурда СССР менен 1/8 өткөн экен эми 60 жылдан кийин жетет
-2
00AbibhanovMunarbek0045
2018-06-20 02:40:13
ХХХХХХХХХХ женсе соонун болмок
-9
almir
2018-06-20 02:51:07
00AbibhanovMunarbek0045,ошолордун жеринде миндеген жердештерибиз нан таап иштеп журот же египеттен жардам алып жатасынарбы
+10
admin_superstan
2018-06-20 09:32:09
00AbibhanovMunarbek0045, anonymous, улуттар арасында түшүнбөстүк жараткан билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынган! 5 күн БАНга!
+1
Paol
2018-06-20 02:49:34
Ооба дечи мусулмандар утсун бирок азыр орустар эле утсун демекмин мигранттар дагы тынчыраак жүрөт утулуп калса ХХХХХХХХХ
+3
Tokmokchu-1
2018-06-20 09:36:34
Paol, спортко динди аралаштыруу ХХХХХХХХХ
0
admin_superstan
2018-06-20 09:43:33
Tokmokchu-1, Paol,
Провокация жаратпаңыз!
0
Suior85
2018-06-20 03:08:00
ХХХХХХ журо берип ХХХХХХХХ тууганыбыз
-3
admin_superstan
2018-06-20 09:30:22
Suior85, кимдир-бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынат!
+1
KG.Kushtarbek
2018-06-20 03:34:55
Ого саат 02.00 го чейн кантип коросунор уйкуну алгыла.каягы кызыктуу футболдун
-2
Kattaldym
2018-06-20 04:16:08
Салахты жытканы жакшы экен. ..
0
bond02
2018-06-20 04:45:27
Оюндун баары алдыда, Россияны эми кучтуу командалар тосуп алышканда корот.
-2
Makkambaev97
2018-06-20 10:00:55
Салах Ким элэ бул озунчо элэ Салахтын ойногонуга карабай деп жазыпсынар
+2
Pchelka85
2018-06-20 10:24:51
Makkambaev97, Салах деле кучтуу оюнчулардын бири. Моюнга алыш керек.. 36 оюн откоруп 32 жолу гол киргизген футболисттер аз..но " один в поле не воин" дегендей эле болду да..
+2
Pchelka85
2018-06-20 10:27:59
Урааа менин божомолум туптуура чыкты. 3:1 болот деп айттым эле. Сама в шоке))).. Россия молодцы.. Черушев, Дзюба... а Жирковчу.. Салахтын жанынан карыш жылбай айласын кетирди го)))) шанс бербейт.. пенальти болбогондо 3:0 бойдон калмак..
0
monster_high_98
2018-06-20 14:18:00
Pchelka85,качан ,каерде айттынар эле,
-1
Pchelka85
2018-06-20 15:16:59
monster_high_98,кечээки супердин 16.39 сонку кабарында комментарийлерди окусаныз.
+1
Boobek_5
2018-06-21 00:12:24
Pchelka85, Ха-ха Автогол болбогондо 2-1 болмок.Египеттин үмүтү өчмөк эмес.Египет теңеп да коймок мүмкүн.
0
Pchelka85
2018-06-21 00:27:43
Boobek_5, ну факт 3:1....
0
jergetal
2018-06-20 11:49:04
А тайпасында жаллан слабый командалар кором 1/8де Россияны !
-1
Pchelka85
2018-06-20 12:10:58
jergetal,мурун группадан чыкпай калчу. Казыр 1/8 чыгышты.. ьул деле чоон жетишкендик..
+1
Rasul94
2018-06-20 12:41:05
Админ жакшы иштеп атасыз
0
kutlibek
2018-06-21 02:06:41
молодец Салах. Аллахым озу колдосун!!! Омииин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан