ЭЛДИК ВИДЕО: "Япония менен Сенегалдын маданияттуу күйөрмандары дүйнөнүн көңүл чордонунда"

Медиа-порталдын "Элдик видео" бөлүмүнө "Маданияттуу күйөрмандар" жана "Япониянын футбол күйөрмандары" деген аталыштагы видео жүктөлдү.

Видеолор Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун оюндарында тартылган. Анда футбол күйөрмандарынын оюндун аягында таштандыларды жыйнап жатканын көрүүгө болот. Аталган видео социалдык тармактарга тарап, көпчүлүк интернет колдонуучулар "кайсы өлкөнүн күйөрмандары болсо да, маданияттуу күйөрмандар экен" деген ойлорун билдиришкен.

Маалыматтарга ылайык, видеолор Польша-Сенегал жана Колумбия-Япония беттештеринен кийин тартылган. Аталган беттештер кечээ, 19-июнда орун алган. Анда Сенегал курама командасы 1:2 эсебинде, ал эми Япония курамасы 1:2 эсебинде жеңишке жеткен.

"Маданияттуу күйөрмандар"
Япониянын футбол күйөрмандары
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
fanatka19
2018-06-20 11:48:34
Азаматтар мынакей чыныны куйормандар!
+4
mira28
2018-06-20 12:20:37
Орустар данкайып отуп кетишет мигранттар жыйат деп
+7
Tokmokchu-1
2018-06-20 13:28:13
Биз кыргыздар улгу алсак болчудай экен...

Биздикилер орундуктарын сындырып кетмек, жон кетпей...
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан