25-июнда премьер-министр “Шэньсин көмүр-химиялык өнөр жайы” корпорациясынын башкармалыгынын төрагасы Ху А Вэйди кабыл алды. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуу учурунда Кара-Балта шаарындагы “Джунда” мунайды кайра иштетүүчү заводдун курулушунун жүрүшү жана аны ишке киргизүүнүн мөөнөттөрү тууралуу сөз болду. Өкмөт башчы августта бул завод ишке киргизилерин айтып, завод иштери менен ал жерде иштегендердин 90 пайызы Кыргызстандын жарандары болушу керектигине токтолду. Өз кезегинде Ху А Вэй мунайды кайра иштетүүчү заводду куруу мезгилинде пайда болгон көйгөйлөрдү чечүүдө иштиктүү көмөк көрсөткөндүгү үчүн кыргыз өкмөтүнө ыраазычылык билдирди. “Мен кечээ күнү заводдо болдум жана андагы курулуш иштеринин жүрүшүнө канааттандым. Ушул темп менен иш улана бере турган болсо, август айында Кытайдын жана Кыргызстандын жогорку жетекчилеринин катышуусу менен заводду ачууну пландаштырып жатабыз”,- деди ал.