Ысык-Көл. Облуста 5 айдын ичинде салык чогултуу 98 пайызга аткарылды

Ысык-Көл облусунда 5 айдын ичинде салык чогултуу 98 пайызга аткарылганын өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Назира Муканбетова билдирди. 2013-жылдын январь-май айларында бажы төлөмдөрүн жана бюджеттик уюмдардын атайын каражаттарын эсепке албаганда, чогултулган салыктардын суммасы 475,9 миллион сомду же пландалган сумманын 98,4 пайызын түздү. Ак-Суу районунда 32,4 миллион сом, Жети-Өгүздө 108 миллион сом, Ысык-Көл районунда 98,7 миллион сом, Тоң районунда 22,2 миллион сом, Түп районунда  22,3 миллион сом, Каракол шаарында 124,6 миллион сом, Балыкчы шаарында 67,7 миллион сом салык чогултулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан