Бүгүн, 20-июнда футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун "А" тайпасында беттештер уланат. Анда "Ростов Арена" стадионунда Уругвай менен Сауд Арабия курама командаларынын беттеши өтөт. Беттештин башкы калысы Клеман Турпен (Франция) болот.
20:50. Уругвай курама командасынын тизмеси:
20:52. Сауд Арабия курамасынын тизмеси:
20:55. Командалар оюн талаасына чыгып, алгач Уругвайдын гимни жаңырды.
20:57. Сауд Арабиянын гимни жаңырды, беттеш бир нече мүнөттөн кийин башталат.
21:00. Клеман Турпен беттешке старт берди. Топту оюнга арабиялыктар кошту.
21:01 Алгачкы кооптуу абал арабиялыктардын дарбазасында орун алды. Луис Суарес 20 метр аралыктан кубаттуу сокку узатып аны коргоочулар кайтара алды.
21:03. Кристиан Родригес атаандашын жыгытты. Клеман Турпе аны көрүп беттешти токтотту. Топ арабиялыктардын карамагында.
21:05 Клеман Турпенин ышкырыгы жаңырууда, Карлос Санчес эреже бузду.
21:06. Кооптуу айып соккуну арабиялыктар аткарат. Матиас Весино эреже бузууга жол берди.
21:07. Мохаммед Аль Бурайк айып соккуну аткарды. Топ коргоочуларга тийип оюн талаасынан сырткары чыгып кетти. Арабиялыктар топту бурчтан чыгарат.
21:08. Арабиялыктар бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгү менен ийгиликтүү колдоно алган жок.
21:10. Арабиялыктар талаанын орто бөлүгүндө топко ээлик кылууда.
21:11. Салем Аль-Досари Суареске каршы орой оюн көрсөтүүдө. Калыс эреже бузууну байкап, ышкырыгын жаңыртты.
21:12. Эдинсон Кавани айып аянтчада коргоочулардын кароосунан чыгып сокку узатканга жетишти. Сокку таамай болгон жок, топ дарбазадан жогору өтүп кетти.
21:14. Суарес оң канаттан айып аянтчага топту чыгарганга аракет жасаган, топ коргоочуларга тийип талаадан сырткары чыгып кеткен. Бирок калыстын ышкырыгы жаңырбаса, бурчтан чыгаруу орун албайт. Клеман Турпен катага жол берди.
21:15. 15 мүнөттүк беттештин жыйынтыгында Уругвай курамасы топко 54 пайыз ээлик кылган.
21:16. Диего Годин айып аянтчага жакшы чыгарып берүү жасаган, бирок ага Кристиан Родригес жетпей калды.
21:19. Уругвайлыктар контр-чабуулга чыгып Эдинсон Кавани сокку узатты. Каванинин соккусу коргоочуларга тийип талаадан сырткары чыкты. Уругвайлыктар бурчтан чыгыруу аткарышат.
21:21. Фахад Аль-Муваллад оң бурчтан сокку узатып таамай боло албай калды. Топ дарбазадан бийик өтүп кетти.
21:22. Г-о-о-о-л! Эсеп 1:0. Луис Суарес эсеп санын ачты. Уругвай топту бурчтан чыгарып, аны Суарес дарбазага таамай багыттады. Мохаммед Аль-Овайс топту тосуп алууга жетишкен жок.
21:24. Кавани эсепти өзгөртүүгө жакшы аракет жасады. Айып аянтчадан 1 коргоочуну алдап кубаттуу сокку жасаганга жетишти. Анын соккусун дарбазачы тосуп алды.
21:25. Хаттан Бахебри алыскы аралыктан таамай сокку узатып, уругвайлыктардын тынчын алды. Муслера топту кайтарды.
21:27. Хаттан Бахебри кайрадан мыкты, бирок ийгиликсиз оюн көрсөтүүдө. Айып аянтчадан күтүлбөгөн жерден сокку узатканы менен таамай болгон жок.
21:28 Калыс Эдинсон Каванинин эреже бузуусун байкап калды. Топ арабиялыктарда.
21:30. Кавани оюн талаасында жатат. Кавани дарыгерлердин жардамына муктаж.
21:32. Сауд Арабиянын оюнчулары талаанын орто бөлүгүндө топко ээлик кылууда.
21:33. Оң канаттан башталган чабуулдан арабиялыктар кооптуу абал жарата алды. Атаандашынын айып аянтчасында топту бири-бирине берип, бирок сокку узатканга жетишкен жок. Уругвайлыктар ийгиликтүү коргоно алды.
21:37. Абдулла Отайф алыскы аралыктан сокку жасады, анын соккусу дарбазадан бир топ жогору өттү.
21:39. Оюн убактылуу токтоп калды. Тайсир Аль-Жасси жаракат алгандай көрүнөт.
21:41. Уругвайдын оюнчулары мүмкүнчүлүк менен колдонуп эсеп санын аламаштырууга аракет жасап жатышат. Арабиялыктар Тайсир Аль-Жассинин жаракат алганынан улам 10 футболчу менен гана ойноп жаткан кези.
21:43. Калыс арабиялыктарга оюнчусун алмаштырууга мүмкүнчүлүк берди. Тайсир Аль-Жассининин ордуна Хуссейн Аль-Могахви чыкты.
21:45. 1-таймдын негизги убактысы бүтүп, калыс 2 мүнөт кошту.
21:47. Калыстын ышкырыгы жаңырып 1-тайм аягына жетти.
21:48. 1-таймдын жүрүшүндө арабиялыктар топко 55 пайыз ээлик кылышты.
22:02. Калыс 2-таймга старт берди. Топту оюнга уругвайлыктар кошту.
22:03. Салем Аль-Давсари сол канаттан чабуул жасаганга аракет жасады, бирок топту уругвайлык коргоочу тартып алып, арабиялыктар топту бурчтан чыгарууга мүмкүнчүлүк алды.
22:05. Фахад Аль-Муваллад кооптуу абал жаратканга мүмкүнчүлүгү бар болчу. Бирок ал офсайд абалында болгон.
22:06. Салман Аль-Фараж орой оюн көрсөтүп эреже бузду. Суарес айып сокку узатат.
22:07. Луис Суарестин соккусу мыкты болду. Бирок Аль-Овайс аны кайтарганга жетишти.
22:09. Суарес чабуулда оюн эрежесин бузду. Топ арабиялыктардын карамагында.
22:12. Уругвайлыктар чабуул жасаганга аракет жасаганы менен ийгиликсиз болууда.
22:14. Диего Годин атаандашын футболкасынан тартканы үчүн калыс ышкырып чабуулду токтотту.
22:16. Уругвай курамасында дароо 2 оюнчу алмашты. Кристиан Родригестин ордуна Диего Лаксальт чыкса, Матиас Весинонун ордуна Лукас Торрейра чыгат.
22:17 Диего Лаксальт топту атаандашынын айып аянтчасына жеткирүүгө аракет жасады, бирок аракети ийгиликсиз болуп калды.
22:19. Карлос Санчес Каванинин көтөрүлгөн тобуна жетип 2 метр аралыктан башы менен сокку узаткан. Бирок топ дарбазадан жогору өтүп кетти.
22:21. Арабиялыктар Санческе каршы эреже бузушту. Калыстын ышкырыгы жаңырып уругвайлыктар айып сокку аткарат.
22:22. Хименес атаандашынын чабуулчусуна жетпей калып, эреже бузууга аргасыз болду. Арабиялыктар кооптуу айып сокку аткарышат.
22:24. Кайрадан эреже бузуу. Арабиялыктар Суарести кулатышты.
22:25. Айып соккудан көтөрүлгөн топко Мартин Касерес жетип, башы менен сокку узатканга жетишти. Бирок таамай болгон жок.
22:32. Арабиялыктардын курамасында алмаштыруу орун алды. Хаттан Бахбирдин ордуна Мохаммед Кану чыкты.
22:33. Арабиялыктар оюн эрежесин бузууда. Уругвайлыктар айып сокку аткарат.
22:34. Мохаммад Аль-Сахлави оюн талаасына чыкты. Ал Фахад Аль-Мувалладды алмаштырды.
22:37. Дагы бир алмаштыруу. Карлос Санчестин ордуна Наитан Нандес оюн талаасына чыкты.
22:43. Эдинсон Кавани эсеп санын өзгөртүүгө жакшы мүмкүнчүлүккө ээ болгон, бирок аракети ийгиликсиз болду.
22:45. Беттештин акыркы мүнөттөрү орун алууда. Топко ээлик кылуу боюнча Сауд Арабия - 53 пайыз, Уругвай - 47 пайыз. Соккулар боюнча уругвайлыктар 12:5 эсеби менен алдыда келе жатышат.
22:47. Беттештин негизги убактысы аягына жетти. Калыс 4 мүнөт убакыт кошуп берди.
22:48. Ясир Аль-Шахрани атаандаштарын тынчсыздандырды. Айып аянтчанын ичинен узаткан соккусун Муслера тосуп алганга жетишти.
22:51. Клеман Турпендин ышкырыгы жаңырып беттеш соңуна жетти. Муну менен "А" тайпасындагы Уругвай менен Орусия курама командалары плей-офф баскычына өтүштү.