ЭЛДИК КАБАР: Окурман: "Аксыда дарбыз-коон бышып, "Кош Шыйпан" базарынын көркү ачылды"
Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кызыл-Жар айылында дарбыз-коон бышып, дыйкандар сатыкка чыгара баштады. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда окурман "Элдик кабарга" маалымдады.
Окурмандын маалыматына ылайык, райондогу Үч-Коргон айыл аймагындагы дыйкандар түшүмүн "Кош Шыйпан" базарына алып чыгышат.
"Базар кечээ, 20-июндан баштап коон, дарбызга толо түштү. Коон сортуна карап, эрте бышкандарынын килограммы 20 сомдон сатылууда. Дарбыздарды көлөмүнө карата баалап жатабыз. Быйыл дыйкандардын түшүмү башталышы жакшы эле, алдыда бөөдө кырсыктан алыс болсок дагы түшүм алабыз. Баа жакшы болуп турса эле дыйкандардын эмгеги акталат", - деп жазат окурман өзүнүн билдирүүсүндө.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.