Бүгүн, 21-июнда футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун "С" тайпасында беттештер уланат. Анда "Екатеринбург арена" стадионунда Франция менен Перу курама командаларынын беттеши өтөт. Башкы калыс Абдулла Мохаммед (БАЭ).
20:43. Франция курама командасынын тизмеси:
20:44. Перу курама командасынын тизмеси:
Дарбазачылар: Педро Гальесе ("Веракрус");
Коргоочулар: Луис Адвинкула ("Лобос БУАП", Мексика), Кристиан Рамос("Веракрус"), Альберто Родригес ("Атлетико Хуниор", Колумбия), Мигель Трауко ("Фламенго", Бразилия);
Жарым коргоочулар: Эдисон Флорес ("Ольборг", Дания), Кристиан Куэва ("Сан-Паулу", Бразилия), Педро Акино ("Лобос БУАП", Мексика);
Йосимар Йотун ("Орландо Сити", АКШ).
Чабуулчулар: Паоло Герреро ("Фламенго", Бразилия), Андре Каррильо ("Уотфорд", Англия), Паоло Герреро ("Фламенго", Бразилия).
Башкы машыктыруучу: Рикардо Гарека (Аргентина).
20:46. Курамалар алдыдагы оюнга даярдык көрүүдө.
20:48. Оюнчулар оюн талаасына чыгып, алгач Франциянын гимни жаңырып жатат. Андан соң Перунун гимни жаңырууда.
21:00. Калыстын ышкырыгы жаңырып оюн башталды.
21:01. Оюндун алгачкы мүнөттөрүндө эле перулуктар чабуул баштап топко ээлик кылууда.
21:06. Эч кандай курч абал жаралбастан оюн жай өтүүдө.
21:08. Франциялыктар эреже бузуп, перулуктар топту чыгарып берүүдө.
21:10. Кооптуу абал жаралып Гризманн перулуктардын дарбазасына сокку узатты. Бирок сокку таамай болгон жок.
21:11. Кайрадан кооптуу абал. Погбанын узаткан соккусу максатына жеткен жок.
21:12. Бурчтан чыгарып берүү. Гризманндын чыгарып берүүсүнөн кооптуу абал жаралганы менен, натыйжа чыккан жок.
21:15. Оюн эрежеси бузулуп, Блез Матюиди сары айып кагазын алды.
21:16. Статистикага таянсак, Франция топко 51 пайыз ээлик кылса, Перу курама командасы 49 пайыз ээлик кылууда.
21:18. Оюндун жүрүшүндө "Екатеринбург арена" стадиону күйөрмандарга толуп турганын байкоого болот.
21:21. Матюдиге карата Герерро эреже бузуп сары айып кагазын алды.
21:23. Франция курама командасы сол канаттан чабуул баштады. Чабуулду калыстын ышкырыгы токтотту. Эреже бузуу катталды.
21:25. Эки курама команда бирдей оюн алып барууда.
21:27. Топту капталдан Трауко оюнга кошууда.
21:28. Кагылышуу орун алып Мбаппе жерде жатат.
21:31. Кооптуу абал Герерро сокку узатып аз жерден эсеп санын ачып коё жаздады. Бирок топ франциялыктардын дарбазачысы Уго Льорис колуна тийди.
21:33. ГО-О-О-О-Л!!!!! Мбаппе перулук дарбазачынын катасы менен пайдаланып гол киргизгенге жетишти. Эсеп 1:0.
21:36. Перулуктар оюнду мурдагы ыргакта эле улантууда.
21:37. Кооптуу абал. Погба топту Мбаппеге узатып, бирок чабуул ийгилик менен аяктаган жок.
21:42. Кайрадан кооптуу абал. Бирок перулуктардын дарбазачысы Педро Гальесе абалды жөнгө салды.
21:45. 1-таймга кошумча 2 мүнөт кошулду.
21:47. Ышкырык жаңырып 1-тайм жыйынтыкталды.
22:02. 2-тайм башталып, оюн башында алмашуулар орун алды. Перу командасынын оюнчулары Альберто Родригес жана Йошимар Йотундун ордуна оюнга Андерсон Сантамария жана Жефферсон Фарфан чыкты.
22:05. Оюн эрежеси бузулуп Самуэль Юмтитиге дарыгерлер жардам көрсөтүүдө. Ал жардам алган соң бутуна туруп оюнду улантууда.
22:10. Оюндун 52-мүнөтү өтүп жатат. Гризманн борбордук бөлүктөн топту чыгарып берип, Гризманндын соккусун Педро тосуп алып, топту оюнга киргизди.
22:12. Погба демилгени колго алып чабуул орун алууда. Бирок эч кандай жыйынтык болгон жок.
22:15. Франция курама командасынын дарбазасынын жанында перулуктардын чабуулу орун алып, бирок франциялык коргоочулар аларга мүмкүнчүлүк беришкен жок.
22:18. Перулуктардын сол канаттан уюштурган чабуулу Каррильонун алыстан узаткан соккусу менен коштолду. Сокку таамай болгон жок.
22:22. Эки команда тең чабуулдарды уюштурганы менен, эч кандай жыйынтык чыкпай эсеп саны өзгөрүүсүз калууда.
22:25. Оюн франциялыктардын жарым талаасында орун алып, алардын дарбазасына алыстан узатылган сокку эч кандай кооптуу абал жарата алган жок.
22:29. Беттештин жүрүшүндө 2 команда тең топко бирдей ээлик кылууда. Перу курамасынын чабуулдарынын 80 пайызы сол канаттан болууда.
22:32. Алгачкы голдун жаратуучусу Мбаппе оюн талаасынан кетип, анын ордуна "Барселона" футболдук клубунун чабуулчусу Усман Дембеле кирди.
22:37. Франция курама командасында алмашуу. Антуан Гризманндын ордуна Набиль Фекир оюн талаасына чыкты. Жаңы эле оюн талаасына чыккан Фекирге карата эреже бузганы үчүн Педро Акино сары айып кагазын алды.
22:39. Чабуул. Дембеленин узаткан соккусу максатына жеткен жок.
22:43. Стандарттык абал. Паолло Герроронун дарбазага узаткан соккусу эч кандай кооптуу абал жарата алган жок. Франциялыктарда алмашуу орун алып Погбанын ордуна Стивен Н'Зонзи оюнга кирди.
22:47. Негизги убакытка кошумча 4 мүнөт кошулганын калыс билдирүүдө.
22:51. Франциялыктар оюн ыргагын жайлатып, убакыт созуунун аракетин көрүшүүдө.
22:53. Калыстын ышкырыгы жаңырып, оюн жыйынтыкталды.
Франция-Перу беттешинин жыйынтыгында Перу курама командасы чемпиондуктан четтеди.