Премьер-министр коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттар үчүн атайын эсеп ачуу боюнча токтомго кол койду

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттар үчүн атайын эсеп ачуу боюнча токтомго кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 22-июнда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Токтомго ылайык, бул эсепке экономикалык жана кызмат адамдарына козголгон кылмыш иштеринин алкагында алынган каражаттар топтолот. Анда мамлекетке келтирилген чыгымдар кайтарылып, өзүнчө эсепте сакталып, өкмөттүн чечими менен бөлүштүрүлөт. Бул эсеп жүргүзүүнүн натыйжалуулугун арттырып, коомдун жана мамлекеттин муктаждыктарын эске алуу менен каражатты майнаптуу колдонууну камсыздайт.

Эске салсак, Абылгазиев 14-июнда парламентте отчёт берип жатып тышкы карыздан кутулуу үчүн коррупциялык иштерден өндүрүлгөн жана мамлекетке жардам берүүнү каалагандар үчүн атайын эсеп ачыла турганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Nanei
2018-06-22 10:56:48
Жен ичинде болунбой,тыщкы карызды четинен кутула бериш керек ощол акча менен
0
asiret
2018-06-22 10:58:37
мамлекетке жардам берүүнү каалагандар үчүн атайын эсеп ачышат да, баякы эле карапайым мугалаимдер менен дарыгерлерди мажбурлап акча котортмой башталат
+3
Zidan2
2018-06-22 16:38:14
Коррупцияны окуу жайлардан баштагылачы
Тажатты
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан