Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жогорку Кеңеште алардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөчү комитетти түзүүгө каршы. Мындай маалымат бүгүн, 22-июнда депутаттар тарабынан демилгеленген мыйзам долбоору талкууланып жаткан тегерек столдо айтылды.
Демилгечи депутаттар тобу УКМКнын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөчү Жогорку Кеңеште жаңы комитет ачылышы керек деген пикирде.
Аталган комитетти түзүү шарт эместигин буга чейин Коопсуздук кеңешинин өкүлү да билдирген. УКМКнын өкүлү Рысбек Быкын уулу да аталган демилгеге каршы пикирин айтты. Анын айтымында, бул комитет УКМКнын ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылышы мүмкүн.