Бүгүн, 26-июнда ЖКнын жыйынында “Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө” КРнын мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, 3-окууда добуш берүүгө жолдонду. Бул мыйзам долбоору ишкердик ишти жөнгө салуучу кабыл алынган жана колдонуудагы ченемдик укуктук актылардын атаандаштыкка таасир этүүсүн баалоо механизмин киргизүү максатында иштелип чыккан. Ошондой эле аталган мыйзам долбоордун максаты - соода рынокторуна атаандаштыкты чектөөгө, рыноктун монополиясына жол бербөө болуп саналат, ал ишкердиктин өнүгүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө өбөлгө болот.