Нарын облусунда жайыттарды, айдоо аянттарды чегиртке каптап, өзгөчө кырдаал жарыяланды

Нарын облусунда айдоо аянттарын жана жайыттарды чегиртке каптаганына байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал жана Нарын райондорунда жалпы 42 миң 266 гектар айдоо аянттарын жана жайыттарды чегиртке каптагандыгы айтылат.

Ушул жылдын 13-июнь күнү облустук Жарандык коргонуу комиссиясынын кезексиз отуруму өткөрүлүп, комиссиянын 2018-жылдын 13-июнь №7-протоколунун негизинде “Өзгөчө кырдаал режими” киргизилген. Нарын облустук өсүмдүктөрдү коргоо кызматынан микронер менен жабдылган чегирткеге каршы дары себүүчү 8 унаа тартылып, тиешелүү жумуштарын жүргүзүүдө. Иш-чаралар 22-июнь күнү улантылат”, - деп жазылат маалыматта.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги берген маалыматка караганда, ушул жылдын 21-майынан тартып Нарын облусу боюнча чегиртке жана курт-кумурскага каршы химиялык дарылоо иштери жүргүзүлүп, бүгүнкү күнгө чейин 45 миң гектар айдоо жерлерине дары себилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Jelezo
2018-06-22 14:02:13
Үндүк баккыла тез эле жок кылат
+7
toolos1982
2018-06-22 14:10:18
Тоок да баккыла
+5
bekov01
2018-06-22 14:29:49
Ундук баксанар жемге чыгым болбойсунар. Чегиртке жеген егиндин ордун ундук менен толтурса болот
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан