Кыргызстанда 92 калдык сактоочу жай бар

Кыргызстандын аймагында жалпы көлөмү 254 миллион метр куб болгон 92 калдык сактоочу жай жана кен калдыктары жайгашкан. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, алардын ичинен 36 калдык сактоочу жай жана 25 кен калдыктары жайгашкан орун Өзгөчө кырдаалдар министрлигине карайт. Ал жайлардын 31и радиоактивдүү болсо, 5и токсикалык болуп саналат.   

ӨКМнын карамагындагы калдык сактоочу жайлар төмөнкү аймактарда орун алган:

Майлуу-Суу шаарында 23 калдык сактоочу жай бар.

Шекафтар шаарчасында 8 кен калдыктары жайгашкан аймак бар.

Сумсар шаарчасында 3 калдык сактоочу жай орун алган.

Миң-Куш шаарчасында 4 калдык сактоочу жай бар.

Кажы-Сай шаарчасында 1 калдык сактоочу жай орун алган.

Кант (Совет) шаарчасында 2 калдык сактоочу жай жайгашкан.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан