Нигерия Исландияны утуп, Аргентинага плей-оффко чыкканга мүмкүнчүлүк берди

Бүгүн, 22-июнда футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун 2-туру уланат. Анда "Волгоград Арена" стадионунда "D" тайпасынын алкагындагы Нигерия-Исландия беттеши орун алат. Аталган беттеш бир нече мүнөттөн кийин старт алмакчы. Беттештин башкы калысы Мэттью Конгер (Жаңы Зеландия) болот.

20:45. Нигерия курама командасынын тизмеси:

  • Дарбазачы: Фрэнсис Узохо ("Депортиво", Испания).
  • Коргоочулар: Уильям Троост-Эконг ("Бурсаспор", Түркия), Брайн Идову ("Амкар", Орусия), Леон Балогун ("Майнц", Германия), Кеннет Омеруо ("Касымпаша", Түркия).
  • Жарым коргоочулар: Жон Оби Микел ("Тяньцзинь Тэда", Кытай), Уилфрид Ндиди ("Лестер", Англия), Огхенекаро Этебо ("Лас-Пальмас", Испания).
  • Чабуулчулар: Ахмед Муса, Келечи Ихеаначо ("Лестер", Англия), Виктор Мозес ("Челси", Англия).
  • Башкы машыктыруучу: Гернот Рохр (Германия).

20:47. Исландия курама командасынын тизмеси:

  • Дарбазачылар: Ханнес Тор Хальдорссон ("Раннерс", Дания).
  • Коргоочулар: Хердур Магнуссон ("Бристоль Сити", Англия), Кари Арнасон ("Абердин", Шотландия), Рагнар Сигурдссон ( "Ростов", Орусия) Биркир Севарссон ("Валюр");
  • Жарым коргоочулар: Арнор Траустасон ("Мальме", Швеция), Гилфи Сигурдссон ("Эвертон", Англия), Биркир Бьярнасон ("Астон Вилла", Англия), Рюрик Гисласон ("Зандхаузен", Германия);
  • Чабуулчулар: Альфред Финнбогасон ("Аугсбург", Германия), Йон Бедварссон ("Рединг", Англия),.
  • Башкы машыктыруучу: Хеймир Хадльгримссон (Исландия).

20:50. Учурда командалар оюн талаасына чыгууга даярдык көрүүдө. Бул беттешке чыккан 2 курама командада тең жаракат алган оюнчулар жок.

20:53. Командалар оюн талаасына чыгышты. Алгач Нигериянын, андан соң Исландиянын гимни жаңырды.

20:56. Командалардын мамлекеттик гимни жаңырды. Командалар учурашып, беттешти баштоого даяр.

20:58. Топту оюнга алгач Нигерия курама командасы кошот.

21:00. Калыстын ышкырыгы жаңырып беттеш старт алды.

21:01. Алгачкы мүнөттөрдөн Исландия курамасы топту тартып алып чабуул жасоодо.

21:02. Нигериялык футболчу эреже бузуп, исландиялыктар айып сокку аткарат.

21:03. Гилфи Сигурдссон айып соккуну мыкты аткарды. Анын соккусу таамай болуп, бирок дарбазачы тосуп алууга жетишти.

21:04. Магнуссон атаандашынын айып аянтчасына кирип келүү аракетин көргөн. Бирок калыс аны коргоочуга каршы эреже бузду деп оюнду токтотту.

21:05. Гилфи Сигурдссон айып аянтчанын сыртынан сокку узатты. Анын соккусу кубаттуу болбой, дарбазачы кыйынчылыксыз топту тосуп алды.

21:06. Мозес Исландиянын айып аянтчасына чыгарып берүү жасаган, бирок топто алгач коргоочулар болуп топту талаадан сырткары чыгарды.

21:07. Келети Ихеаначо топту бурчтан чыгарып таамай боло албай калды. Топко исландиялыктар ээлик кылууда.

21:08. Исландиянын чабуулдары азырынча ийгиликсиз болууда.

21:09. 45 миң көрүүчүнү батырган Волгоград Арена стадионунда күйөрмандар толкун жасоодо, абдан кооз көрүнүш.

21:10. Рюрик Гисласон эреже бузуп, калыстын ышкырыгы жаңырууда.

21:14. Микел исландиялык оюнчуга карата оюн эрежесин бузууда.

21:15. Нигериялыктардын чабуулу каршылашын тынчсыздандырууда. Айып аянтчага көтөрүлгөн топко Ахмед Муса жетишпей калды.

21:16. Микел кайрадан эреже бузууда. Топ исландиялыктарда.

21:17. Нигериялык футболчулар топту орто бөлүктө кармап, чабуул жасоого аракеттенип жатышат. Исландиялыктар айып аянтчасында топтолуп атаандашына мүмкүнчүлүк бербей жатат.

21:18. Уилфред Ндиди айып аянтчага чыгарып берүү аракетин көргөн, бирок топко алгачкылардан болуп коргоочулар жетти.

21:19. 20 мүнөттүк беттештин жүрүшүндө Нигерия курамасы топко 59 пайыз ээлик кылып жатса, атаандашы 41 пайызга ээ.

21:20. Биркир Бьярнасон алыскы аралыктан сокку узатты, бирок таамай болгон жок.

21:21. Исландия курамасы катары менен 2 жолу топту бурчтан чыгаруу аткарып ийгиликтүү жыйынтык чыгара алган жок.

21:22. Омеруо исландиялык оюнчуга карата эреже бузууда.

21:23. Айып соккуну Гилфи Сигурдссон аткарып, бирок чыгарып берүүсү менен өнөктөшүн тапкан жок.

21:24. Ахмед Муса дарбазачы менен бетме-бет келгенге мүмкүнчүлүгү бар болчу, бирок аны коргоочулар токтотконго жетишти.

21:26. Командалар топту орто бөлүктө талашууда. Эки команданын чабуулдары азырынча жыйынтыксыз болуп жатат.

21:27. Трост-Экон айып аянтчага топту чыгарган, бирок анын өнөктөштөрү топко жетишкен жок.

21:29. Рагнар Сигурдссон оюн эрежесин бузуп, нигериялыктар айып сокку аткарганга мүмкүнчүлүк алды.

21:30. Жарым сааттык беттештин жүрүшүндө Нигерия курамасы топко 65 пайыз ээлик кылса, 35 пайызга Исландия курамасы ээ.

21:31. Огенекаро Этебо алыстан айып аянтчага чыгарып берүү жасаган, бирок анын чыгаруусуна өнөктөштөрү жетишкен жок.

21:32. Муса оюн эрежесин бузууда. Топ исландиялыктардын карамагында.

21:33. Нигериялык коргоочулар айып аянтчанын ичинде Биркир Севарссонго каршы орой оюн көрсөтүүдө, бирок калыс бул жактан эреже бузууну байкаган жок.

21:34. Биркир Бьярнасон жакшы мүмкүнчүлүктү колдоно алган жок. Анын соккусу дарбазадан бир топ жогору өттү.

21:35. Магнуссон оюн эрежесин бузууда. Нигериялыктар кооптуу айып сокку аткарышат.

21:37. Келети Ихеаначо айып соккуну аткарды. Анын айып аянтчага көргөн тобуна өнөктөштөрү жеткен жок.

21:38. Ндиди айып аянтчага чыгарып берүү аткарды, бирок топто алгач дарбазачы болду.

21:39. Ахмед Муса чабуулду улантып, бирок офсайд абалында болуп калды.

21:41. Ахмед Муса Ханнес Тор Хальдорссон менен топ үчүн күрөштө оюн эрежесин бузду.

21:42. Нигериялыктар топту бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө алып, бирок ийгиликтүү жыйынтыктай алган жок.

21:43. Идову абдан орой оюн көрсөтүп сары айып кагазы менен белгиленди. Сигурдссон айып сокку аткарат.

21:44. Сигурдссондун көтөрүлүп берген тобуна Финнбогасон жетишпей калды, эсеп санын ачууга жакшы мүмкүнчүлүк болчу.

21:45. 1-таймдын негизги убактысы жыйынтыкталып, калыс 2 мүнөт кошуп берди.

21:46. Бедварссон бурчтан көтөрүлгөн топту башкы менен дарбазага багыттап таамай боло алган жок.

21:37. Беттештин 1-бөлүгү соңуна чыкты. 1-тайм 0:0 эсеби менен бүттү.

22:03. 2-тайм старт алды. Тыныгуудан кийин Нигерия курамасында алмаштыруу орун алды. Брин Идовунун ордуна Тайронн Эбюэхи чыкты.

22:04. Алгачкы мүнөттөрдөн Нигерия курамасы чабуул жасап, Этебо алыстан сокку узатты. Сокку таамай болуп, бирок аны Хальдорссон тосуп алды.

22:05. Чабуулда исландиялыктардын оң канаттан баштаган чабуулу жыйынтыксыз болду.

22:06. Г-о-о-о-л! Муса эсеп санын ачты. Мозес оң канаттан айып аянтчага чыгарып берүү жасаган, аны Ахмед Муса кабыл алып, таамай сокку менен эсеп санын ачты.

22:07. Рагнор Сигурдссон оюн талаасында жатат. Ал дарыгерлердин жарыма муктаж болууда.

22:10. Оюн бир топко токтоп калды. Сигурдссон оюнду улантууга даяр.

22:14. Ндиди алыскы аралыктан кооз сокку узатты. Анын соккусу таамай болгону менен дарбазачы топту тосуп алууга үлгүрдү.

22:15. Биркир Севарссон айып аянтчага топту жеткирип берүү аракетин көргөн, бирок топко алгач коргоочулар жетти.

22:17. Гисласон атаандашынын айып аянтчасында эреже бузууда. Калыс аны байкап, ышкырыгын жаңыртты.

22:18. Нигерия курамасы топко ээлик кылып чабуул жасоодо. Азырынча ийгиликсиз

22:19. Ндиди оюн эрежесин бузду. Исландиялыктар айып сокку аткарат.

22:21. Айып соккуну кайрадан Рагнар Сигурдссон аткарды. Анын чагарып берүүсүн дарбазачы кыйынчылыксыз тартып алды.

22:22. Исландия курамасында алмаштыруу. Рагнар Сигурдссондун ордуна Сверрир Ингасон чыкты.

22:23. Мозес айып аянтчанын чийининен сокку узатты, бирок тааамай болгон жок.

22:24. 65 мүнөттүк беттештин жүрүшүндө Нигерия курама командасы 227 пас кылса, Исландия курамасы 130 пас гана аткарды.

22:25. Рюрик Гисласо 25 метр аралыктан мыкты сокку жасады, Анын дарбазага багытталган тобу дарбазадан бир аз жогору өтүп кетти.

22:26. Мозес кайрадан алыстан сокку узатты. Анын соккусу коргоочуга тийип оюн талаасынан чыгып кетти.

22:27. Этебо дарбазага башы менен сокку узаткан, бирок таамай боло алган жок.

22:28. Исландия курамасында дагы бир алмаштыруу орун алды. Бёдварссондун ордуна Бьёрн Сигурдарсон чыкты

22:29. Нигерия курамасы уламдан улам коопту болууда. Бурчтан көтөрүлгөн топту Балогун башы менен дарбазага багыттады. Топ дарбазадан бир аз гана жогору өттү.

22:31. Ахмед Муса эсети 2:0 кылганга мүмкүнчүлүгү бар болчу. Анын айып аянтчасын ичинен узаткан сокку дарбазанын таякчасына тийип калды.

22:32. Г-о-о-о-о-л! Ахмед Муса эсепти 2:0 кылды. Ал 2 коргоочуну жана дарбазачыны алдап өтүп айырмаланды.

22:34. Биркир Бьярнасон оюн эрежесин бузду.

22:38. Калыс видео-кайталоо системин колдонуп Исландияга пенальти аткарууга мүмкүнчүлүк берди.

22:39. Видео кайталоодон байкалгандай Тайронн Эбюэхи оюн эрежесин бузган.

22:40. Пенальтини Сигурдссон аткарып таамай боло албай калды. Эсеп 2:0 бойдон калды

22:41. Ихеаначо айып аянтчанын ичинен сокку узатып таамай боло албай калды. Жакшы мүмкүнчүлүк болчу.

22:42. Нигерия курамасында кезектеги алмаштыруу. Келети Ихеаначонун ордуна Одион Игало чыкты.

22:43. Игало контр-чабуулда дарбазачы менен бетме-бет келип сокку жасоого жетишпей калды.

22:44. Исландиялыктарда алмаштыруу Арон Гуннарссондун ордуна Ари Скуласон чыкты.

22:45. Фрэнсис Узохо мыкты сейф жасатты. Альфред Финнбогасондун кубаттуу соккусун Узохо тосуп алууга жетишти.

22:46. Этебо эреже бузду. Исландиялыктар айып сокку аткарат.

22:47. Оюнчу алмаштырылат. Этебонун ордуна Алекс Ивоби чыгат.

22:48. Беттештин негизги убактысы соңуна жетип калыс 6 мүнөт кошуп берди.

22:49. Азырынча командалар топту орто бөлүктө талашууда.

22:50. Учурда исландиялыктардын чабуулу аягына чейин чыкпай жаткан кези. Алардын дагы 3 мүнөт убактысы бар.

22:51. Жон Оби Микел жаракат алгандай көрүнөт. Ага дарыгердер жардам берүүдө.

22:52. Микел оюн талаасынан сырткары медициналык жардам алууда. Беттеш уланды.

22:53. Сигурдссон алыстан сокку узатып таамай боло албай калды.

22:54. Калыстын ышкырыгы жаңырып беттеш аяктады.

22:55. Муну менен Нигерия курама командасы 3 упайга ээ болуп "D" тайпасында 2-орунга көтөрүлдү. Ал эми Исландия курамасы 1 упай менен 3 орунда жайгашты. Андан сырткары Нигерия курамасы бул жеңиш менен Аргентинага плей-офф баскычына чыкканга мүмкүнчүлүк берди. Аргентина курамасы 1 упай менен 4-орунда жайгашкан.

Нигерия- Исландия
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Adhambek
2018-06-22 21:36:08
Нигерия утса жакшы болмок Аргентинага шанс жок дегенде
+7
Azat.97
2018-06-22 21:51:03
Исландия кооптуу чабуулдарды коп жасап жатат.Алга Исландия!
-2
Jazdyn_tany
2018-06-22 22:57:09
Каап, Нигерия утуп кетти. Мейли эми...
+2
kilim
2018-06-22 23:00:46
Аргентинага мумкунчулук бар эми чыкканга
+12
nemo2016
2018-06-22 23:11:12
Ишенбей калдым барибир Аргентинага
-10
barsa30
2018-06-22 23:49:21
Бары бир Нигерия Аргентинаны женип алат ото эле алсыз болуп атат Аргентина.
-8
Fakt
2018-06-22 23:50:39
Аргентинаны мындай оюну менен Нигерлер женип койбосо эле болду))).
+4
Chagylgan1
2018-06-23 01:03:15
Нигерия чындап эле Аргентинага шанс тартуулады... Эгер Исландия бул оюнда женип, Хорватия менен тен ойносо же бугунку оюнда ничьяга ойноп, кийинки оюнда Хорватияны утканда, Аргентина Нигерияны 10:0 менен уткан кундо да кийинки баскычка чыга албайт болуучу...

Эми Аргентинада кийинки баскычка чыгууга релдуу шанс бар. Ал учун Нигерияны 2 же 3 топ айырмачылыгы менен утуу жетиштуу...
-1
Snejana
2018-06-23 01:32:03
Ур-раа деп коёюнчу, элден калбай.
+1
Dembele84
2018-06-23 02:49:09
Аргентина ушул шансты колдон чыгарса бышканы ошол,болельщиктерди суйунтуп жакшы оюн коргозуп,ири эсеп менен утканга аракет кылышы керек эми.Ушунча шерменде болгону жетишет эми,составты да озгортуш керек.
0
Matahara1980
2018-06-23 05:48:12
Аргентина шанс бар, алгаа
+1
Rasul94
2018-06-23 05:54:53
Эми Аргентина Нигерияны шорлотот го.
Исландия ХХХХХХХХ экен
+2
umar.kgz
2018-06-23 10:14:07
Аргентинада 100 пайыздык мумкунчулук бар..буюрса плей оффко чыгат деп ишенем!!
+3
kriss120
2018-06-23 10:48:06
Аргентинага дагы бир жолу ишеним корсотойун Алга Месси сен баарибир кооз ойнойсун.
+4
Rasul94
2018-06-23 13:46:56
Нигерия шордуу учат.Аргентина менен Хорватия чыгат коросунор
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан