Быйыл мамлекеттик бюджеттин эсебинен өлкөдөгү зыяндуу заттардын калдыктарын таштоочу жайларда жана кен авариялык кайра калыбына келтирүү жумуштарын аткаруу үчүн 9 миллион сом каралды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы 26-июнда билдирди. Майлуу-Суу шаарындагы калдык сактоочу жай үчүн 3 миллион 820 миң сом бөлгөн. Ал эми Миң-Куш шаарчасындагы калдык сактоочу жайларга 1 миллион 80 миң сом, Сумсар шаарчасындагы калдык сактоочу жайлар үчүн 960 миң сом каралган.