Айсулуу Тыныбекова Кытайдагы эл аралык турнирде коло медаль тагынды

Олимпиада оюндарынын катышуучусу, бир нече жолку Азия чемпиону Айсулуу Тыныбекова Кытайда өткөн кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча эл аралык турнирде коло медалга ээ болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өкмөткө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, Тыныбекова катышкан "Chine Open" аттуу эл аралык турнир Кытайдын Тайюань шаарында 22-23-июнь күндөрү болуп өттү.

"Айсулуу Тыныбекова 58 килограмм салмак ченинде күч сынашып коло медалга ээ болду. Башкы машыктыруучу Нурбек Изабековдун жетекчилигинде аталган спорттук иш-чарага 3 балбан кыз барган. Толук маалыматты алар сапардан кайтып келген соң таратабыз", - деди агенттиктен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Aigerim.baxa
2018-06-23 13:01:28
Азаматсын Айсулуу!!! 1 жыл ичинде ушунча ийгиликтерге жетиштин Дайыма ден соолукта бол
+4
Nuri1988Elim2010
2018-06-23 13:21:16
Азаматсын!!!
+1
Sabway
2018-06-23 13:34:19
Абдан жакшы, травмадан кийинки жениши. Эми кийинкилери только 1-орун болот деп ишенебиз!
+2
aerforce
2018-06-23 13:49:07
Азаматсың мына ушул кыз менен жанталашып сүрөткө түшкүлө жаш балдар жанагы Байзакова деген жарым жалаңач кыз менен селфи жасап жатат интернет барактарынын биринде ошол кызды кумир тутуп
0
i1urp
2018-06-23 14:03:03
Азаматсын.
+1
fanatka19
2018-06-24 12:33:47
Азаматсын Айсулуу.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан