Быйыл кыштан чыгуу үчүн Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү жетиштүү экенин "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары Абдылда Исраилов билдирди. Анын айтымында, учурда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү былтыркыга караганда 2 миллиард 51 метр кубга аз. Ошентсе дагы учурдагы көлөмү 16,8 миллиард метр куб суу кыштан чыгууга толук жетерин баса белгиледи.