"Свердлов районунун №94-орто мектебинин бүтүрүүчүлөрү балдар үйүнөн кабар алышты" деген билдирүүсүн окурман "Соңку кабар" бөлүмүнүн "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына жөнөткөн.
"Бүгүн, 23-июнда Свердлов районунун №94-орто мектебинин бүтүрүүчүлөрүнө окууну бүткөндүгү тууралуу аттестат тапшыруу аземи болуп өттү. Бул салтанаттуу иш-чаранын алкагында мектеп жетекчилиги тарабынан "Келечекти бүгүнтөн башта" деген аталыштагы акция өтүп, анда бүтүрүүчүлөр балдар үйүнүн тарбиялануучуларынан кабар алып, аларга өз белектерин тапшырып келишти", - дейт окурман.
Ошондой эле окурман башка бүтүрүүчүлөр да булардан үлгү алып кафе, ресторан, бүтүрүү кечелерине кеткен каражатты кайрымдуулук иштерине жумшаса деген оюн билдирген.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.