28-июнда саат 11:00дө вице-спикер Төрөбай Зулпукаров Бишкек шаарында жаңы салынып жаткан борбордук мечиттин курулуш иштери менен таанышат. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы 26-июнда билдирди. Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары, Бишкек мэриясынын, Түркиянын КРдагы элчилигинин өкүлдөрү жана башкалар да барышат мечит курулуп жаткан жерге. Иш-чаранын жүрүшүндө ал жерге Түркия тарабынан эки кабаттуу автоунаа токтотуучу жайдын курулуусу тууралуу чечимдин кабыл алынышы жана аны куруу пландары тууралуу маселелерге көңүл бурулат.