ЭЛДИК КАБАР: "Кызыл-Кыя шаарынын борбордук эс алуу багындагы даараткана кооптуу абалда турат" дейт окурман

Баткен облусундагы Кызыл-Кыя шаарынын борбордук сейил багындагы даараткана кооптуу абалда турат. Мындай кабарды окурман "Элдик кабарга" маалымдады.

Айтымында, сейил бактагы даараткананын абалына шаардык мэрия көңүл бурбайт.

"Күн ысып, балдарды паркка алып барып ойнотуп жатышат. Бирок дааратканага адам "кайра аман чыгамбы?" деген тобокел менен кирет. Жамандыктын алдын алуу керек", - деп жазган ал өзүнүн билдирүүсүндө.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
nelli
2018-06-25 09:39:01
Кооптуу экени го туура. Бирок, биз адамдар малдан айырмабыз калбай баратат! Жапжаны даараткана куруп койсо да, ошонун отурчу жерине отурбай ага жетпей жайлап салышат! Кээде ойлойсун булар уйунд деле ушинтип даараткананын айланасына отурушабы деп... Айрыкча аялдар аман элеболушсун (кээ бири) прокладкаларын жон эле ачык таштап салышкан..... Окунучтуу жана жийиркеничтуу....
+6
Elnura08
2018-06-25 11:20:59
nelli,туура айтасынар.бирок даарат кана да чындыгында союз маалындагы даарат кана окшойт,корунуп турат,алдын алышпаса,Кара-суудагы туалеттей болуп тушуп калышы мумкун.
+1
almanbetperm
2018-06-25 12:37:36
Эртен айтып чыгат, жаны туалет салынып жаткан жакында бутот деп
0
kake29
2018-06-25 13:04:26
Эхээ бул туалет аябай эле коркунучтуу экен кирип чыкаега чейин жаным аман калсын деп тилейсинго

тезинен ондобосо болбойт кичинекей жаш балдар тушуп кетиши мумкун жанында бассейн бар экен ал жерде кантип ойнойт билбеймин

ушул боюнча эле калып кетпесе болду К.Кыянын мэриясынан суранабыз!!! шаардын тургундары баары нааразы болуп жатышат!!!
0
Bayazet
2018-06-25 16:29:22
Э бул туалет дагы он жыл кызмат кылса керек коросунорго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан