Легендарлуу актёр, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Болот Бейшеналиев көзү тирүү болгондо бүгүн, 25-июнда 81 жашка толмок. Ал 1937-жылы Чүй облусундагы Кемин районунун Калмак-Ашуу айылында төрөлгөн.
Ташкенттеги Александр Островский атындагы театралдык-көркөм институтун бүтүргөн. Эмгек жолу "Кыргызфильм" студиясында башталган. Эң алгачкы ролду "Тайгак кечүү" фильминде аткарган. Андан кийин "Биринчи мугалим" тасмасында Дүйшөндүн ролун, "Махабат дастаны" фильминде Жалман карыянын ролун жаратып, жылдызы жанып чыга келет. Кыргыз мамлекеттик драма театрында иштеген.
Актёр 3 жолу турмуш жаңырткан. Биринчи жубайы түркмөн кызы Гүлнара Исмалова болгон. Экөө Азиз аттуу уулдуу жана Гүлназ деген кыздуу болгондон кийин ажырашып кетишкен. Андан соң көп жылдар бою Москвада жашап, ал жактан Стелла аттуу айымга үйлөнөт. Ал аялы менен көп жыл чогуу жашап, кийин 1991-жылы апасынын өтүнүчү менен мекенине кайтып келип Турсун Тураевага үйлөнгөн. Алар 11 жыл чогуу жашаган.
Актёр өмүрүндө 103 кинофильмде роль жараткан.
25-июндун жылнаамасы.