Тоң районунда классташтары менен көлгө түшүп жаткан 16 жаштагы өспүрүм сууга чөгүп каза болду

Тоң районунун Тогуз-Булак айылында 16 жаштагы өспүрүм сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, окуя 24-июнь күнү болжол менен саат 14:30 чамасында болгон.

ӨКМнын нөөмөт бөлүмүнө окуя тууралуу маалымат саат 15:20да келип түшкөн. Куткаруучулар окуя болгон Бөкөнбаев айылына барып, сууга чөгүп каза болгон 2002-жылы туулган Т.уулу Ы. аттуу баланын жансыз денесин саат 19:55те суудан алып чыгышып, туугандарына өткөрүп беришти”, - деп жазылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, бала классташтары менен көлгө түшкөнү келген. Ал көлдүн терең жерине өтүп кетип өзү чыга албай калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Sizge.kat
2018-06-25 10:21:54
Абайласа болмок экен жаткан жери жайлуу болсун
+2
monster_high_98
2018-06-25 10:48:41
Ушунча классташтары эмне кылып журду каза болгунча, жакындарына сабыр
0
Elnura08
2018-06-25 11:15:48
Жактан жери жайлуу болсун,балдарды озунчо бир Жака жонотуштон да ойлонуп калдым,кудай сактасын.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан