УКМКга тиешелүү жер тилкесин мурдагы президент Алмазбек Атамбаев сатып алган эмес. Мындай кабарды SUPER.KG порталына аталган мекеменин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдирди.
Маалыматка караганда, УКМКнын 9-кызматына тиешелүү жерди экс-президент Атамбаев сатып алган эмес.
"Кой-Таштагы жер тилкеси 1980-жылдары УКМКга бөлүнүп берилип, мекеменин карамагында турган. 2017-жылдын май айында ал жер УКМКнын 9-кызматына өлкө башчысын кайтаруу максатында берилген. Андан кийин ал жер кереги жок болгон үчүн сатылган, кимге экенин айта албайбыз, жеке жактарга сатылды", - деди Сулайманов.