АКШнын аскердик базасын өлкөдөн чыгаруу боюнча келишимди денонсациялоо маселесинде депутат Урмат Аманбаеванын ордуна башка депутат "каршы" деп добуш бериптир
“Манас” аэропортундагы АКШнын Жүк ташуучу
транзиттик борбору боюнча келишимди денонсациялоо тууралуу мыйзам долбооруна
добуш берүү учурунда депутат Урмат Аманбаева үчүн башка бир депутат добуш берип
коюптур”. Бул сөздү парламенттин 26-июндагы жыйынында депутат Максат Сабиров айтып чыкты.
Ал билдиргендей, добуш берүү учурунда Урмат Аманбаева жыйында жок болчу. “Ал мага
ишеним катын таштап кеткен, бирок мен дагы ал учурда жыйынга катыша албай калгам. Урмат
Аманбаева үчүн кимдир бирөө “каршы” деген добуш берип коюптур”,- деди Сабиров.
Эске сала кетсек, 20-июнда ЖКда “Манас” Эл аралык аэропортундагы транзиттик
ташуулар борбору тууралуу жана аны менен байланышкан кандайдыр бир мекемелер
жана кыймылсыз мүлктүн түрлөрү жөнүндө кыргыз өкмөтү менен АКШ өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну денонсациялоо жөнүндө” мыйзам кабыл алынган болчу. Анда аталган транзиттик борборду өлкөдөн чыгарууга 91 депутат "макул", 5 депутат "каршы" добуш берген эле.