"Эгер консулдуктар мигранттар жардам сурап кайрылганда жардам бербесе, алардын эмне кереги бар? Эмне үчүн өкүлчүлүктөрдү ачып, андагы кызматкерлерге акча төлөнөт?" - деп бул ирет Орусиянын Санкт-Петербург шаарында иштеп жаткан Сыргак Мырзабек уулу "Элдик кабарга" билдирди.
Анын айтымында, бул шаардагы мигранттар консулдукка кайрылып, жаралган маселелери боюнча жооп ала албай убара тартып келишет.
"Кыргыздын Санкт-Петербург шаарындагы консулдугу менен өзүм 15-июндан бери байланыша албай жатам. Чалууларга жооп беришпейт. Интернет аркылуу да көптөгөн суроолор келип түшкөнү менен бирине да жооп жазылбайт. Чет жерде жүргөн Кыргыз жарандарынын таянычы болгон өкүлчүлүктөрдөгү кызматкерлер ушундай кайдыгер мамиле жасаса, бир жагынан ыза болсоң, экинчи жагынан кыжырланасың. Барсаң дайыма эшиги бек турат, биз кандай аракет көрүшүбүз керек, мекемени көзөмөлгө алгандар барбы?" - деген ал билдирүүсүндө.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.