"Бирдик салдырып алдап кеткен адамдар өлтүрөбүз деп коркутуп жатышат" деген билдирүүсүн окурман "Соңку кабар" бөлүмүнүн "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына жөнөткөн.
Кабарга ылайык, окурмандын номерине 0704 40 51 51 номеринен акчалай сыйлык жана телевизор утуп алгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Ал аталган номерге чалып байланышканда белектерди алып кетүү үчүн салык төлөөсү керек экендигин билдирген.
"Мен дароо эле алдамчылар экен деп ойлодум. Бирок кайра ойлонуп жолдошума айтсам, ал, балким, чын эле утуп алганбыз деп алдамчылардын берген номерине алар айткан сумманы салып коюптур. Анткени буга чейин мобилдик компаниялардын биринен чындап эле белек утуп алганбыз", - деп билдирди окурман.
Окурмандын айтымында, алардын эсебине акча түшкөнгө чейин бир нече жолу телефон чалышкан, ал эми акча которулган соң чалууну токтотушкан.
"Кайра-кайра чалып жатышты, акча которулгандан кийин такыр чалышкан жок. Мен байланышка чыгып, алар карапайым элди алдап жатканын жана мен алардын үстүнөн укук коргоо органдарына арыз жазарымды билдирдим. Бул сөздөрүмө алар "эгерде кайра-кайра чала берсең, үйүңө барып өлтүрүп кетебиз" деп жооп кайтарышты. Канча деген адамдар ушундай алдамчылардын кылтагына илинип, акчасынан айрылып калып жатат. Буларга кайсы кызмат чара көрөт?" - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.