ЖЫЛНААМА, 25-ИЮНЬ: Бүгүн туулган күнүн белгилеп жаткан ырчы Иса Өмүркулов: "Туулган күнүмдө унаамды айып аянтчасынан чыгаруу менен убара болдум"

Бүгүн "Ай, эжеке" ыры менен таанылган эстрада ырчысы Иса Өмүркулов 23 жашка толду. Ал 1995-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. SUPER.KG порталы ырчыны туулган күнү менен куттуктап байланышка чыкты.

"Бул ирет туулган күнүм интервью берүү менен өттү. Бир нече каналдарга маек бердим. Эртең менен үйдөн шашып чыгып унаамдын документтерин унутуп кетиптирмин. Унаамды айып аянтчасына токтотуп коюшту. 4-5 саат унаамды айып аятчасынан чыгаруу менен убара болдум. Ал эми кечинде үй-бүлөм менен белгилейм", - дейт ал.

Иса Өмүркулов 1-класстан 8-класска чейин Бишкек хореографиялык училищесинде окуган. Андан кийин №40-мектепти бүтүргөн. Окуучу кезинде эле сахнага чыга баштаган. 2005-жылы 10 жашында "Ачык көңүл балдарбыз" деген сынакта биринчи орунга илинип, 2 миң сом алган. 2006-жылы "Сыйкырдуу өлкө" деген сынакта баш байгеге ээ болгон. Бул сынактын уюштуруучулары жеңүүчүгө бир клип тарттырып берген. Ошондо алгачкы "Ай, эжекем" деген ырына клип тартылган. Андан соң көп эле сынактардан алдыңкы орундарды багындырган.

13 жашында ырдоону токтоткон. Музыкадан сабак берген мугалимдер "азыр ырдасаң, үнүңдү бузуп аласың" деп кеңеш беришкен. Ошентип эки жыл чыгармачылыгында тыныгуу жасаган. Өткөөл мезгилден өткөндөн кийин клиптерди тарттырып, ыр жаздырып, чет өлкөлөргө чыга баштаган.

25-июнга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан