Жабырлануучу: "Чала тааныш жигит мени 6 ай сабап, зордуктап жүрдү. Апта бою үйдөн чыгарбай кордочу"

Лейлек районунан Бишкек шаарына иштөө үчүн келген 24 жаштагы Айжамал (аты өзгөртүлдү) аны Жыргал (аты өзгөртүлдү) аттуу бала 6 ай бою зордуктап, кыйнап келгенин айтып берди. Айжамал 19-июнь күнү Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна оор абалда келген.

Аталган оорукананын дарыгери Илимбек Манапов кыз эс-учун жоготкон абалда ооруканага келгенин ырастап, учурда анын абалы жакшырып баратканын айтты.

Кыз бизге "Тез жардам" унаасы аркылуу эс-учун жоготкон абалда келип түшкөн. Ал келери менен оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Түнү менен тамчылатма дары алган соң нейротравматология бөлүмүнө которулду. Учурда абалы жакшырып баратат, бирок түнкүсүн кыйналат. 25-июнда ал Республикалык психикалык ден соолук борборуна которулат”, - деди дарыгер.

Айжамалдын айтымында, ал тааныш эжеси аркылуу Сары-Өзөн базарындагы кафелердин бирине официант болуп ишке орношот.

"Мен кафеде иштеп жүрүп Жыргал аттуу бала менен таанышып калдым. Ал биздин кафеге келип, тамак ичип турчу. Жыргал мага Баткенден болорун айтты, экөөбүздүн мамилебиз бат эле жакшы болуп кетти. Мен ага утурумдук кафеде жашагандыктан, батир издеп жүргөнүмдү билдирдим. Ал дароо кошунасы квартирант издеп жүргөнүн айтып, ошону бирге барып көрүүнү сунуштады", - дейт Айжамал.

Ал белгилегендей, Жыргал Айжамалды кошунасыныкына эмес, түз эле үйүнө алып барып, эшикти бекитип алып, аны сыртка чыгарбай 1 апта бою зордуктаган.

“Ал менин колумду кайрып, уруп, ар кандай зомбулуктарды көрсөттү. Бир жума үйүндө камап алып, күнүгө зордуктап жатты”, - деген жабырлануучу кыз иштеген жеринен бир апта бою ишке чыккан жок деп жумушка кабыл албай коюшканын кошумчалады. Андан кийин ал барар жери жок, суукта көчөдө калган.

Кар жаап жаткан убакта, суукта көчөдө жүрдүм, телефонум да жок эле. Ошондо да Жыргал мени көрүп “көрдүңбү, сен селсаяк болуп калдың" деп үйүнө алып барып дагы зордуктап жүрдү. Көп өтпөй мен Мээрим деген кыз менен таанышып калып, ага абалымды ыйлап айттым, ал мени батиринде жашатмай болду. Ал жерге да Жыргал барып алып, зордоп кыйнап жүрдү. Жыргалдан кутулуу үчүн жашаган жеримдин дарегин өзгөрттүм. Бирок Жыргал ал жерди да таап алып, дагы кордук көрсөткөнүн токтоткон жок. Кийин башка жакка көчүп кеттим. Ал жактан да мени таап алып, жумуштан чыкканымда тосуп алып каналдын боюна алып барып, зордуктап, сабап жүрдү. Тааныш эже милицияга кайрыл деди. Мен аларга кайрылсам, 3 күн өтүп кетиптир, биз ал баланы эмне кылмак элек деп коюшту.

Ошондон кийин Жыргал чалып "сен милицияга арыз жазган турбайсыңбы, экөөбүз сүйлөшөлү, үйгө кел" деп алдап чакырды. Мен ишенип бардым. Барарым менен ал мени 3 күн үйүнө камап алып зомбулук көрсөтүп кыйнады. Мен ал жактан качып чыгып жөө Калыс-Ордодогу жашаган жериме бардым", - деди Айжамал.

Ошондой эле ал Жыргал акча берем деп алдап чакырганын, андан кийин Калыс-Ордо конушуна жакын жердеги көлгө алып барып, сабап, кордук көрсөткөнүн, ошол күндөн бери оор абалда ооруканада дарыланып келгенин белгиледи.

"Жыргал мага байланышып 10 миң сом берем, жолугалычы деп чакырды. Мен дагы ишенип акча берет экен деп ага жолуктум. Ал мени Калыс-Ордо конушундагы көлгө алып барды. Анан мурдагы эле жоругу боюнча сабап, зордуктап баштады. Анын колунда бычак бар болчу, мен ошону эстей алам. Андан башка эч нерсени билбейм”, - деди Айжамал.

Учурда Айжамалды бир тууган сиңдиси карап жатат. Сиңдисинин айтымында, ал Калыс-Ордо конушунан кийимдери тытылган, чачтары уйпаланып, акыл-эсин жоготкон абалда табылган.

Мага эжем менен чогуу жашаган кыздар "эжең жок" деп саат 18:00дөрдө чалды. Биз Сокулуктан келип эжемди Калыс-Ордо тараптан айылдаш агам аркылуу талаада жүргөн жеринен таптык. Ал табылганда эч кимди тааныбаган, кийимдери тытылган, чачы коё берилген абалда болчу. Ага жин кирген го деп биз мечитке алып бардык. Мечиттегилер эжеме 7 миң сомдон 10 миң сомго чейин окуйбуз деп коюшту. Биз ал жерден Сокулукка ооруканага алып бардык, бирок ооруканадан кабыл алышкан жок. Кайра Бишкекке алып келип "Тез жардам" чакырттык. Тилекке каршы, эжемди бир да оорукана кабыл алган жок. Биз айла жок молдого окуттук. Андан соң тууганымдын таанышы аркылуу ушул ооруканага алып келдик. Азыр эжемдин абалы күндүзү жакшы, кечкисин оорусу кармап, өзүн жоготуп баштайт”, - деди жабырлануучунун сиңдиси.

Бул окуя боюнча Бишкек ШИИББине кайрылганыбызда, жабырлануучу тараптан арыз түшсө, ыкчам-иликтөө жүргүзүлөрүн айтып, укуктук баа андан кийин берилерин кошумчалашты.

6 ай бою чала таанышынан зордук көргөн кыз
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
Pamirlan
2018-06-26 07:12:19
милиция м.н больницага күнүн тушпосун, эмнеге убагында барса жардам беришпейт.
+5
rejepova
2018-06-26 07:54:47
Кыз чакырса бара берип,озундо экенда иштин баары
+4
Paprikafm
2018-06-26 09:15:48
Озундо да куноо бар, эркектерге ишенбеш керек, ошондой болгон кундо да, эмнеге боль.ца кабыл албайт, эмнеге милиция укугун коргобойт
+9
Dalil
2018-06-26 09:16:18
Эмне дешти да билбейсин. Эгер бала ошентип зордуктаган болсо аны түрмөдө чиритиш керек. Өлүм жазасы болгондо ушундайларды өлүм жазасына тартыш керек эле. Экинчиден кызда да анын ата-энесинде да күнөө бар. Кантип кароосу жок кызды шаарга иштегени жөнөтөт? Кыз кайра-кайра алдана береби? Акылга сыйбаган иш. Оорукана менен милицияны айтпаса да белгилүү акчаң болбосо эчким эмессин аларга.
+2
Dalil
2018-06-26 09:19:23
Ооруканаларга реформа киргизүү керек. Б.а. бирдиктүү информациялык база киргизип, жарандарды өлкөнүн кайсы жеринде болбосун ооруканага көрүнүүгө мүмкүнчүлүк түзүү керек. Антпесе кээ бир ооруканалар өлүм алдында келгендерди да кабыл албай койгон учурлар болот бизде катоодо жок деген шылтоо менен.
+5
engel
2018-06-26 09:43:37
Милиция жардам бербей койду дегенине тан калбайм деле бирок жанагындай акыбалы менен больницалар албай койгонуна, мечиттеги молдолор акча сураганына анча ишенген жокмун.
0
Luna15
2018-06-26 09:56:43
Менда ишенчу эмесмин,жакында кайн атам ооруп калганда Карабалтадан молдого барсак 20мин ьергиле айыктырам оз кучумо ишенем деди ошондо танкалдык,ыраазы кылып озубуз берчулек азыр кадимкидейле тариф болуп калыптыр
+6
portugalia
2018-06-26 10:08:46
Молдолоруң 7миңден 10миңге окуса,ооруканалар кабыл албаса,милиция кайдыгер караса биз кандай заманда жашап жатабыз?
+8
Dembele84
2018-06-26 10:25:27
Бул кыздын ишенчээктигинен пайдаланып жигит каалаганын кылыптыр да.Кыздын мээси болсо биринчи кордогон кундон кийин эле арыз жазып или жок болуп кетиш керек эле.Кайда барса да анысы келип зордуктап жургон болсо,озу адресин айтып чакырып жургон.Акырында катуурак сабаганда эсине келип арыз жазыптыр да!
+2
AKCAHAT
2018-06-26 10:49:21
Ким акча берем десе эле бара бербеш керек тем более аны уже билесин))) кызда куноолуу экен. Каерге барса эле зордой бериптир))) Жигиттен да интервью алсанар
0
Aisle
2018-06-26 11:17:06
милицияга кунун тушпосун ииийййй.Форма кийип алып каадаланышып басышат.Врачтар дагы тоготушпайт эч кимди...Молдолорду го билбедим ушундай дагы болот экендааа.Кыргызстанда ушул милиция врач анан кээ бир мамлеткет кызматкерлерине ишин тушпосундааа.Кудай сактаа каяка ле баратабыз озуу..Бирок озун сыйлаш керек эле бир жолу кыйнадыбы аны алдап айылына качып кетип болсо дагы кийин экинчи аны менен жолукпай турган кылбаптыр...бир жолу кыйнаса дагы эмнеге кайра кайра жолугууга бара берет дааа
+4
Marjan90
2018-06-26 11:39:10
Кыз өзү мурда эле оорукчанбы деп ойлоп кетет экенсиң. Болбосо бир кордогон адамга кайра-кайра жолуга береби?
+2
zinagull1996
2018-06-26 14:04:54
Кудай сактаптыр эми. Бирок билдин бир коруп акча деселе барып бала барбы. Чын эле синдиси 1жума уйдон чыгарбай жургондо кайда эле. Эми неси болсо да 100пайыз жакшы болуп кет
+1
Jasa
2018-06-26 14:38:36
Биздин кыргыз аялдары ушул даражада карангы,сабаты жокбу? Же эркектерибиз аша кеткен зоокурбу? Кундо зордуктады деген кабар,же бизде закон жок,акча деп эле ар ким оз билгенин кылып атабы.
+2
moon90
2018-06-26 15:06:35
Мечитке неге апарат. Больницага апарбайбы. Зордуктап журсо неге барат акча учун? Неге кезигет?Бул жон гана баланы подстава кылып жатат го. Айтканын баары жоо жомок. Жон эле айтса болот да эрди катынбыз анан мени сабайт деп эле колго анан чолго апарып зордойт дебей.
0
Nanei
2018-06-26 18:15:04
Мен дайыма кыз келиндердин таламын тадашып келем. Бирок бул кыз ОЗУ соо эмеско,кайта кайта сабап зордуктай берсе бара берген
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан