Декларация: Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын мурдагы башчысы Осмонбек Артыкбаевдин 2012-жылкы кирешеси 528 720 сом
Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын мурдагы башчысы Осмонбек Артыкбаевдин (учурда энергетика жана өнөр жай министри) 2012-жылкы кирешеси 528 720 сом болгон. Аталган мамкызматкердин бир жылдык кирешеси тууралуу тапшырган декларациясында ушундай деп көрсөтүлгөн. Ага таандык 331 чарчы метр аянтты ээлеген бир үй жана бир ишкана бар. Ал эми Артыкбаевдин жакындары былтыр 185 460 сом киреше табышкан. Кыймылсыз мүлктөрү булар: 10 жер тилкеси (баарынын аянттары көрсөтүлгөн эмес), 1 батир жана 1 кыймылсыз мүлктүн башка түрү. Лексус жана Мерседес унаалары (моделдери жана чыккан жылы көрсөтүлгөн эмес), 6 компаниянын акцияларында үлүштөрү бар, тактап айтканда, 3компаниянын 100 пайыз акцияларынын ээси, 1 компаниянын 99,64 пайыз акциясына ээлик кылышат, 1 компаниянын 80 пайыздык акция, дагы бир компаниянын 50 пайыздык акциясына ээлик кылышат.