Кыргызстанда 2012-жылы 4098 бала Жашы жете электердин иши боюнча инспекциянын каттоосуна алынган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, алардын 556сы 13 жашка чейинки балдар болсо, 1300ү 14-15 жаштагылар. Ал эми 2242 өспүрүм 16-17 жашта болгон. Каттоодо тургандардын 13 пайызын кыздар түзөт.