Парламентте Маданият-Жалал-Абад жолунун курулушу качан башталары айтылды

Маданият-Жалал-Абад жолунун курулушу сентябрь айында башталат. Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда парламенттин тармактык комитетинин жыйынында транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов айтты.

Министр билдиргендей, аталган курулушту швейцариялык компания ишке ашырат.

"Маданият-Жалал-Абад жолунун 67-чакырымын оңдоо пландалып жатат. Бул курулушту аткаруу ниетин билдирип 4 компания арыз берген. Алардын арасынан эң арзан бааны сунуштаган швейцариялык компания тандап алынды. Курулуш иштери сентябрда башталат. Сиздер колдоп берсеңиздер эле болду", - деди Калилов.

Депутат Калдарбек Баймуратов бул жол Бишкек-Ош трассасынын бир бөлүгү экенин эскертти. "Курулуш башталса жарандар Ошко, Бишкекке кантип каттайт? Авиакаттамдарды көбөйтөсүңөрбү?" - деди эл өкүлү.

Министр альтернативдүү жол куруу мүмкүн эместигин айтып, авикаттамды же Өзбекстан аркылуу темир жол каттамын көбөйтүү маселеси каралып жатканын айтты.

Учурда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинде аталган жолду куруу боюнча каржылык макулдашуу каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
keba300989
2018-06-26 11:41:21
канча убакытта бүтүрөт
0
KAYRATBEK
2018-06-26 13:01:19
Асфальтты сыйрып жаныдан асфальт тошолбосо болбой калды. Фуралар жолду тушунуксуз абалга алып келип койду. Ар жери ар кандай болуп чогуп кеткен. Женил унаалардын асты тийеберип кыйнады.
0
jumaev0084
2018-06-26 14:44:11
кече эле Азерлер жасайт деп жатбады беле супер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан