Бүгүн, 26-июнда ЖКнын жыйынында “КРнын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Тармактык комитеттин төрагасы Ахматбек Келдибековдун айтымында, мыйзам долбоору Кыргызстандын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карыздарынын ички дүң өнүмдөрүнө карата катышын сактоого багытталып, республикалык бюджеттеги ички жана тышкы карыздардын жогорку чегин алдын ала аныктоо максатында иштелип чыккан. Мыйзам долбоорунда сунуш кылынган жобого ылайык, алынган карыздын көлөмү өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн 60 пайызынан ашпоого тийиш. Мындай чара Кыргызстандын экономикалык коопсуздугун ар кандай тобокелчилик кесепеттеринен сактоого оң таасирин тийгизмекчи.