Бишкек-Ош унаа жолундагы жол кырсыгынын кесепетинен жоголгон аял Чычкан суусунан табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, сууга түшүп кеткен унаадагы дайынсыз болуп жаткан аялдын жансыз денеси саат 12:00дө Чычкан суусунан табылды. Жансыз дене ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, бүгүн, 26-июнь күнү саат 03:00 чамасында Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда алдын ала алынган маалымат боюнча, Бишкек-Ош унаа жолунун Өрүктү тилкесинде Хонда Степ үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып Чычкан суусуна түшүп кеткен. Унаанын ичинде 8 адам болгон, алардын ичинен 6 адам жабыркап, Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген. Жеринде издөө иштерин жүргүзүү үчүн 26-июнь күнү саат 06:35те ӨКМнын Токтогул райондук №97-өрт-куткаруу бөлүмүнөн 7 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер тартылып унааны суудан чыгарганда 1 адамдын жансыз денеси унаанын ичинен табылган. Ал эми экинчи адам изделип жаткан.