"Кримавторитет" Рысбек Акматбаев дагы деле ИИМдин тергөө башкармалыгынын издөөсүндө жүрөт. Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Искендер Матраимов билдирди.
"Баарыбызга белгилүү болгондой, Рысбек Акматбаев 12 жыл мурун Бишкекте өлтүрүлгөн. Мындан тышкары ИИМдин тергөө башкармалыгынын жетекчилери Жогорку Кеңештин комитетине толук маалымат берген жок. Жолдошев, Токтогонов деген тергөөчүлөр 2017-жылдын эсебинен бир дагы ишти сотко өткөргөн эмес", - деди депутат.
Эске салсак, Рысбек Акматбаев 2006-жылы Көк-Жар жаңы конушундагы мечитте атып өлтүрүлгөн.