"Милиция кызматкерлери жөнүндө жаман маалымат чыкса, ар бир кызматкер өзү жооп берет. Жооп бербесе чара колдоном" дейт Кашкар Жунушалиев

Бүгүн, 26-июнда Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында "Бир Бол" фракциясынан депутат Бакирдин Сулайманов Ички иштер министрлиги тууралуу маалымат чыкса жооп берүү керектигин айтты. "Ички иштер министринин мурунку орун басары Данияр Абдыкаров тууралуу эмне деген маалыматтар чыккан жок. Эмнеге ИИМдин басма сөз кызматы бул боюнча жооп берген жок?” – деп сурады Сулайманов.

Аталган министрликтин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов чыккан маалыматтарды төгүндөө боюнча сунушу колдоо таппаганын айтты.

Депутат милиция кызматкерлери тууралуу чыккан маалыматтар көмүскөдө калбай, жооп бериш керектигин белгиледи.

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев милиция кызматкерлери тууралуу чыккан маалыматтар боюнча ар бир кызматкер өзү жооп бериши зарыл экенин айтты. Министр жооп берилбесе чара көрүлө турганын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан