Бишкек мэриясынын жарнама департаменти, “Тазалык” ишканасы, Свердлов райадминистрациясы жана Мамлекеттик тилди өнүктүрүү комиссиясы менен биргеликте шаар көчөлөрүнө кезектеги рейдди жүргүзүштү. Жыйынтыгында мыйзамсыз жайгаштырылган жана эскирген тышкы жарнактардын 44 бирдиги алынып салынды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет. Жарнактарды алуу Байтик баатыр, Сухе-Батор, Шабдан баатыр, Ибраимов көчөлөрүндө жана Чүй проспектисинде жүргүзүлдү.