Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуучу мамлекеттик органды аныктоо милдети өкмөткө берилүүдө

Бүгүн, 26-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында “КРнын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө” КРнын мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды. Аталган долбоор радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу тармагында саясатты иштеп чыгуу жана анын аткарылышын көзөмөлдүк кылуу тармагында өкмөттүн, мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын чектөө максатында иштелип чыккан. Талкууда депутат Исмаил Исаков радиациялык коопсуздук камсыздоо тармактарына жараша мамлекеттик органдар аныкталарын белгилеп, мыйзам долбоорун колдоого чакырды. Натыйжада радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды аныктоо өкмөттүн ыйгарым укугу катары берилүүдө. Мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жиберилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан