27-июнга караган түнү Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тайпалык баскычынын акыркы туру уланат. Анда "D" тайпасынын алкагында "Санкт-Петербург" стадионунда Нигерия-Аргентина беттеши орун алат. Беттештин башкы калысы түркиялык Жюнейт Чакыр болот.
23:50. Нигерия курамасынын тизмеси:
23:52. Аргентина курамасынын тизмеси:
23:53. Командалар оюн талаасына чыгып, алгач Нигериянын гимни жаңырат.
23:57. Аргентинанын гимни жаңырып командалар беттешти баштоого даяр.
23:58. Топту оюнга алгач Нигерия курамасы кошот.
00:00. Калыстын ышкырыгы жаңырып беттеш башталды.
00:01. Аргентина курамасы алгачкы мүнөттөрдөн топко ээлик кылып, чабуулга чыгуу аракетин көрүүдө.
00:02. Талаанын орто болүгүндө Агуэрого каршы эреже бузулду. Топ аргентиналыктарда.
00:03. Аргентинанын алдыга чыгарган топтору азырынча таамай болбой жатат. Топ Агуэрого жетпей жатат.
00:04. Ди Мария сол канаттан чабуулга чыккан, бирок ал офсайдда болуп калды.
00:05. Этебо айып аянтчанын сыртынан сокку узаткан, бирок анын соккусун коргоочулар тосуп алды.
00:06. Аргентина тез контр-чабуулга чыгып, коргоочулар топту Мессиге берген. Бирок Мессиге каршы нигериялыктар эреже бузду.
00:07. Николас Тальяфико алыстан сокку узатып, таамай боло алган жок.
00:08. Ахмед Муса айып аянтчанын сыртынан мыкты сокку узатты. Бирок топ дарбазадан жогору өттү.
00:09. Месси айып аянтчага кирип өнөктөштөрүнө пас берүүгө аракеттенген, бирок коргоочулар тосуп алууга жетишти.
00:10. Аргентиналык футболчулар топту орто бөлүктө кармап, жай темп менен чабуулга чыгууда.
00:11. Топко ээлик кылуу боюнча статистика: Аргентина - 70 пайыз, Нигерия - 30 пайыз.
00:12. Маскерано орто бөлүктө ката кетирип, топту атаандашына чыгарып берип койду. Ихеаначо топ менен айып аянтчага кирип, сокку узатканга жетишкен жок.
00:13. Го-о-о-о-л! Лионель Месси эсеп санын ачканга үлгүрдү. Ал айып аянтчага чыгарылган топко жетип, дарбазачыга тосуп алууга мүмкүнчүлүк калтырбай гол киргизди.
00:16. Ди Марияга каршы эреже бузулду. Ал сол канаттан чабуулга чыккан болчу. Аргентина айып сокку аткарат.
00:17. Ди Мариянын айып аянтчага чыгарган тобуна эч ким жеткен жок. Бирок калыс бул жерден Аргентина командасы тараптан эреже бузууну байкап калды.
00:18. Виктор Мозес чабуулга чыгып, командасына топту бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алып келди.
00:19. Этебо талаанын орто бөлүгүндө орой ойноп эреже бузду. Чакырдын ышкырыгы жаңырып, бирок ал айып кагаз көрсөткөн жок.
00:20. Соккулар боюнча статистика: Аргентина - 2, Нигерия - 2.
00:22. Аргентина таамай пастары менен атаандашына топту бербей, акырындан чабуулга бара жатат.
00:25. Топко ээлик кылуу боюнча статистика: Аргентина 63 пайыз, Нигерия 37 пайыз.
00:26. Игуаин Мессини чыгарып берүүсүнөн кийин айып аянтчага кирип, дарбазачы менен бетме-бет кез келди. Бирок Игуаин топко жетпей сокку узатканга жетишкен жок.
00:27. Фрэнсис Узохо Игуаин менен кагылыштан кийин жаракат алып калды. Оюн убактылуу токтоп калды.
00:28. Узохо беттешти улантууга даяр.
00:30. Аргентина дагы эле топту көзөмөл кылууда.
00:31. Ди Мария контр-чабуулга чыгып, ылдамдык менен айып аянтчага бара жатып аны коргоочулар жыгылтты. Чакыр эреже бузууну байкап Деон Балогунга сары айып кагазын берди.
00:32. Айып соккуну Месси аткарууга даяр.
00:33. Месси айып соккуну мыкты аткарды. Анын узаткан соккусу дарбазанын таякчасына тийип калды. Топ дагы эле аргентиналыктарда.
00:34. Нигерия тез контр-чабуул уюштурган, бирок Келети Ихеаначо офсайд абалында болуп калды.
00:35. Месси жана Маскерано талаанын орто бөлүгүндө эреже бузушту. Азырынча чабуулда Нигерия курамасы.
00:36. Эреже бузуулар боюнча статистика: Нигерия - 8, Аргентина - 5.
00:37. Месси жана өнөктөштөрү пас аркылуу атаандашынын айып аянтчасына жакындап келген. Месси айып аянтчанын сыртынан Ди Марияга топту чыгарып берген соң, Ди Мария дароо сокку узатты. Бирок топту коргоочулар тосуп калды.
00:39. Муса жогорку ылдамдык менен айып аянтчага жакындап топко жеткенге аракет кылган, бирок Армани дарбазасынан чыгып топту оюн талаасынан чыгарды.
00:41. Максераного каршы оюн эрежеси бузулду. Топ аргентиналыктарда.
00:44. Ихеаначо оюн талаасында жатат. Маркос Рохо аны тизеси менен башка тээп алган.
00:45. 1-таймдын аягына жетип, калыс 2 мүнөт кошуп берди.
00:46. Ахмед Муса айып аянтчага Ихеаначого чыгарып берген. Бирок топко алгач дарбазачы жетип, топту алып койду.
00:47. Калыстын ышкырыгы жаңырып командалар тыныгууга кетти.
01:04. Калыс 2-таймга старт берди. Бул ирет топту оюнга Аргентина кошту.
01:06. Аргентиналык оюнчу эреже бузду. Айып соккуну нигериялыктар аткарат.
01:07. Виктор Мозес айып аянтчага көтөрүп, коргоочулар топту кайтара алды.
01:08. Жюнейт Чакыр Аргентинанын дарбазасына пенальти койду. Нигерия жакшы мүмкүнчүлүккө ээ болду.
01:09. Го-о-о-о-л! Эсеп 1:1. Виктор Мозес пенальтини мыкты аткарды.
01:10. Гол киргизген соң Нигерия курамасы дароо чабуулга чыгып атаандашынын тынчсыздандырууда.
01:11. Огенекаро Этебо командасына бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алып келди.
01:12. Нигериялыктардын бурчтан чыгарылган тобун коргоочулар айып аянтчадан чыгарды. Нигериялыктан кайрадан айып аянтчага баруу аракетин көрөт.
01:13. Аргентинанын жарым коргоочусу талаанын орто бөлүгүндө эреже бузду. Топ нигериялыктарда.
01:14. Кайрадан эреже бузуу бул ирет айып соккуну аргентиналыктар аткарат.
01:15. Мессинин айып аянтчага чыгарган тобуна алгач коргоочулар жетти. Аргентина 2-толкун менен чабуулун улантат.
01:16. Огенекаро Этебо оюн эрежесин бузуп, Чакырдын ышкырыгы жаңырды. Топ аргентиналыктарда.
01:17. Ахмед Муса тез контр-чабуулга чыгып, сол канаттан айып аянтчага кирип барган соң өнөктөштөрүнө чыгарып берүү жасаган. Бирок коргоочулар топту тартып кетишти.
01:18. Аргентина курамасында алмаштыруу орун алды. Энцо Перестин ордуна оюнга Кристиан Павон кошулду.
01:19. Павон оюнга дароо кошулду. Павон контр-чабуулдан ылдамдык менен атаандашынын дарбазасына жакындап келип, Игуаинге чыгарып берүү жасаган. Бирок топту коргоочу кайтарганга жетишти. Аргентина топту бурчтан кошот.
01:20. Соккулар боюнча статистика: Нигерия - 5, Аргентина - 5.
01:21. Мессиге каршы оюн эрежеси бузулду. Месси топту дароо өнөктөшүнө берип чабуулду улантты.
01:22. Эвер Банега эреже бузуп сары айып кагазын алды.
01:23. Топко ээлик кылуу боюнча статистика: Аргентина 65 пайыз, Нигерия 35 пайыз.
01:24. Кристиан Павон айып аянтчага чыгаруу жасады, топто алгач коргоочулар болду.
01:25. Маскераного каршы эреже бузулду. Топ аргентиналыктарда.
01:26. Павон оң канаттан чабуулга чыкты. Ал айып аянтчага кирип баруу аракетин көрүп жатканда коргоочу топту талаадан чыгарганга жетишти.
01:27. Бурчтан чыгарууну Павон өзү аткарып топту жоготту.
01:29. Вилфред Ндиди айып аянтчанын сыртынан сокку узатып, бирок таамай болгон жок. Топ дарбазадан бир аз жогору өттү.
01:30. Аргентина курамасында алмаштыруу. Ди Марияны Максимилиано Меса алмаштырды.
01:33. Меркадонун айып аянчага көтөргөн тобун коргоочулар талаадан чыгарды. Аргентина топту бурчтан чыгарат.
01:34. Аргентинанын дарбазасына пенальти коюлушу мүмкүн. Аргентиналык коргоочу айып аянтчанын ичинен колу менен ойногон. Чакыр видео кайталоо системи менен колдоно турган болду.
01:35. Жок! Пенальти болбойт. Чакырдын чечими ушундай болду. Аргентинанын мүмкүнчүлүктөрү дагы деле бар.
01:38. Аргентина курамасында акыркы алмаштыруу. Николас Тальяфиконун ордуна оюнга Серхио Агуэро кошулду.
01:39. Гонсало Игуаин айып аянтчанын ичинен сокку узатып дарбазадан топту жогору багыттады.
01:40. Кристиан Павон командасына топту бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алып келди. Анын Павон өзү аткарып ийгиликсиз болду.
01:41. Банега айып аянтчанын жанынан эреже бузуп, атаандашына кооптуу айып сокку аткарууга мүмкүнчүлүк берди.
01:42. Этебо айып соккуну жакшы аткарды. Бирок таамай боло алган жок.
01:45. Го-о-о-о-л! Эсеп 1:2. Аргентина алдыга чыкты. Маркос Рохо айып аянтчадан кароосуз калып, мыкты сокку менен командасын алдыга чыгарды.
01:47. Нигерия курамасында алмаштыруу. Кеннет Омеруонун ордуна оюнга Алекс Ивоби кошулду.
01:48. Жюнейт Чакыр Жон Оби Микелди сары айып кагазы менен белгиледи.
01:49. Беттештин негизги убактысы жыйынтыкталып, башкы калыс 4 мүнөт кошуп берди.
01:50. Дагы бир алмаштыруу. Сими оюнга Ахмед Мусанын ордуна кошулду.
01:51. Мессиге каршы эреже бузулду. Аргентиналыктар айып соккуну аткарышат.
01:52. Лионель Месси убакытты созгону үчүн сары айып кагазы менен белгиленди.
01:53. Калыстын ышкырыгы жаңырып, Аргентина 2:1 эсебинде жеңишке жетти.
01:54. Бул жеңиш менен Аргентина курамасы "D" тайпасында 2-орунду ээлеп плей-офф баскычына өттү. Анда Аргентина Франция курамасы менен кез келет.