Депутаттар диний уюмдарга салыктык жеңилдиктерди берүүнү сунуштап жатышат

Бүгүн, 26-июнда Жогорку Кеңеште депутаттык топтор тарабынан диний уюмдарга карата салыктык шартты жакшыртууга багытталып иштелип чыккан “КРнын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралды. Аталган мыйзам долбоору салык мыйзамдарындагы диний уюмдарга байланыштуу актай калган жерлерин толтуруу менен, иштеп жаткан дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү мыйзамды ишке ашыруу максатын көздөйт. Диний иштерге салыктык жеңилдиктерди берүү диний уюмдардын ишинин ачык-айкындуулугун гана камсыз кылбастан, алардын социалдык милдеттерди аткаруусуна да өбөлгө түзөт. Мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан