Ысык-Көлдө “Педиатриянын жана балдар хирургиясынын актуалдуу көйгөйлөрү” темасында конгресс өтөт

27-28-июнь күндөрү Ысык-Көл облусундагы “Ак марал” эс алуу борборунда  “Педиатриянын жана балдар хирургиясынын актуалдуу көйгөйлөрү” темасында Евразия өлкөлөрүнүн жана түрк тилдүү мамлекеттердин педиаторлорунун 13-конгресси өтөт.  Ага президенттин жубайы Раиса Атамбаева, саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева жана башкалар катышат. Бул иш-чарага Казакстан, Орусия, Түркия, Азербайжан, Тажикстан, Литва жана Түркмөнстандын делегаттары келишет. Конгрессте балдар хирургиясынын, реанимациянын, интенсивдүү терапиянын, салмагы төмөн же абдан эле төмөн төрөлгөн балдарды кароо жана комплекстүү реабилитациялоонун көйгөйлүү маселелери каралат. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан