Индияда кожойке 120 адамды ууландырып, анын ичинен 5 адам көз жумду

Индияда кожойке 120 адамды ууландырып, анын ичинен 5 адам көз жумду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Индияда кожойке конокторду өзүнүн жаңы үйүнө тойго чакырган. Келген коноктор тамактарын шылдыңдап койгондугу үчүн Прадне Сурвас 120 адамды чычкандын уусу менен ууландырган. Натыйжада 80 адам ооруканага түшүп, 5 адам көз жумган.

Белгилүү болгондой, Прадне Сурвас күйөөсүн жана анын үй-бүлөсүн жок кылууну көздөп жүргөн. Анткени алар Прадне келин болуп келгенден баштап кара торулугун жана тамактарын шылдыңдап кетишкен. Мындан улам ал тамакка чычкандын уусун кошуу менен аларды өлтүргүсү келген.

Жергиликтүү мыйзамдар боюнча Прадне Сурвас эми өлүм жазасына тартылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
vikidiki
2018-06-27 12:40:06
Индияда келинди киши катары корушпойт го. Жеткиришсе керек. Кинолорунан коргонумду айтам да.
+3
keba300989
2018-06-27 12:59:34
неге 120
0
Dembele84
2018-06-27 13:02:19
Айланып келип эле 120га такала берет экенда,эмнеге 119 эмес ?)))
+9
muhsina
2018-06-27 14:16:20
Dembele84,))))) жардын го.
0
RuslanaG1
2018-06-27 13:50:40
Берген тамакты жон жеп кетишпейби анан шылдындабай ,жаралыш ар кимдин колунан келсе баары эле аппак Сулуу болуп албайт беле
+9
AKCAHAT
2018-06-27 18:19:42
RuslanaG1, негизи калган тууган уругу деле укмуш аппак эместир)))
0
Asyl.jazi
2018-06-27 15:10:12
Баш болуп кайненеси соз кылгандыр келини жонундо
+2
Nevestkaa
2018-06-27 19:49:47
120деген цифра өзүнчө эле анекдот же күлкүлүү цифра болуп калды го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан